Улуттук банк быйыл доллардын курсун кармоого 391 млн доллар сарптады
Улуттук банк быйыл жасаган он интервенцияда доллардын курсун кармап туруу үчүн эл аралык резервден 391.35 млн доллар сарптады. Бул тууралуу регулятордун берген маалыматында айтылат.
Улуттук банк 28-октябрда долларды сатуу боюнча бир ай ичиндеги үчүнчү интервенциясын жүргүзгөн. Көбөйгөн суроо-талапты канааттандыруу үчүн коммерциялык банктарга 50 млн доллар сатылган.