Будапешт – Бишкек түз аба каттамдары ачылат
Будапешт Бишкек менен түз аба каттамдарын ачат. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана Тышкы иштер министри Петер Сийярто «Европа Биримдиги менен Борбордук Азиянын бизнес өнөктөштүгү» бизнес-форумунда билдирди.
Анын айтымында, аба каттамдары жумасына эки жолудан кем эмес аткарылат.
Белгилей кетсек, Кыргызстан шаарлар ортосунда түз аба каттамдарын ачууну 2020-жылдын күзүндө сунуштаган. Венгриянын Wizz Air арзан авиакомпаниясы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Макулдашууга 29-сентябрда президент Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга расмий сапарынын алкагында жетишилген.
Учурда тараптар бул маселени ишке ашыруу жолун карай башташты. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Wizz Air компаниясынын өкүлдөрү «Манас» аэропортуна келишкен. Акыркысы венгриялык авиакомпанияга маркетингдик колдоо жана лоялдуулук программасы аркылуу жогорку каттамдарды камсыз кылууга убада берди.