Германия КРнын ишкерлерин окутууга квотаны көбөйтүү маселесин карайт
Германия Федеративдүү Республикасынын Экономика жана энергетика федералдык министрлигинин башкаруучу кадрларды (ишкерлерди) даярдоо боюнча – Fit for Partnership with Germany программасы Кыргызстандын ишкерлери үчүн квотаны көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карайт.
Бул тууралуу 3-ноябрда КРнын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаевдин программанын өкүлдөрү, тактап айтканда, Кыргызстандын куратору Моника Штинекер менен жолугушуусунда айтылганын ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Бул жолугушууда 2020-2021-жылдары программанын алкагында 48 кыргызстандык ишкер онлайн окуудан өткөнү айтылды. Карантиндик чектөөлөр алынгандан кийин алар Германияга тажрыйба алмашууга немис компаниялары жана уюмдары менен түз ишкердик байланыштарды түзүү үчүн чакырылат.