Улуттук банк быйыл доллардын курсун кармоого 447 млн доллар сарптады
Улуттук банк быйыл жасаган он бир интервенцияда доллардын курсун кармап туруу үчүн эл аралык резервден 447 млн доллар сарптады. Бул тууралуу регулятордун берген маалыматында айтылат.
Улуттук банк 5-ноябрь долларды сатуу боюнча бир ай ичиндеги төртүнчү интервенциясын жүргүзгөн. Көбөйгөн суроо-талапты канааттандыруу үчүн коммерциялык банктарга 55.4 млн доллар сатылган.