Министрлер кабинети кыргыз-кытай чек арасындагы товарлардын өтүшүн көбөйтүү маселесин көтөрдү
Министрлер кабинети кыргыз-кытай чек арасындагы товарлардын өтүшүн көбөйтүү маселесин кайрадан көтөрдү. Кечээ, 9-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.
«КР Кытайды негизги соода-инвестициялык өнөктөштөрдүн бири катары карайт жана өз ара сооданы өнүктүрүүгө, өз ара кызыкчылык туудурган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Биз соода жүгүртүүнүн деңгээлин көтөрүшүбүз керек. Министрлер кабинети инвесторлордун коопсуздугуна кепилдик берүүгө даяр», — деди Жапаров.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Кыргызстандын айыл чарба продукциясын КЭР базарларына экспорттоо, жүк ташуучу унаалардын Торугарт жана Эркечтам өткөрүү пункттары аркылуу өтүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, Түндүк-Түштүк автожолунун курулушун аяктоо жана берилген гранттык каражаттарды өздөштүрүү, Кытайдын өкмөтү тарабынан ирригация жана шаар жолдорун реконструкциялоо маселелерин талкуулашты.