Жогорку технологиялар паркынын кирешеси 87%га өстү

Жогорку технологиялар паркынын кирешеси 87%га өстү

Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин III кварталдагы кирешеси 2020-жылдын ушул кварталына (293 млн сом) салыштырмалуу 87%га өсүп, ал 549 млн сомду түздү. Бул тууралуу ЖТП билдирди.

Белгилей кетсек, ЖТПнын резидент-компанияларынын кызматкерлеринин саны 1176 адамга, эмгек акы фондусу 199 млн сомго, патент ээлеринин төлөмдөрү 63 млн сомго чейин көбөйгөн.

Мамлекеттик бюджетке жана Социалдык фондго төлөмдөр да көбөйдү. IT-компаниялар киреше салыгы боюнча 9 млн сом (2020-жылдын үчүнчү кварталына салыштырмалуу + 83%) жана социалдык чегерүүлөр түрүндө 6 млн сом (+ 52%) которду.

Компаниялардын кирешесинин негизги булагы мурдагыдай эле экспорт, иштин негизги түрү программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана ишке киргизүү болуп саналат. Ошентип, ЖТПнын резиденттеринин кызматтары АКШ (169 млн сомго), Россия (72 млн сом), Казакстан (69 млн сом), ошондой эле Кипр (64 млн сомго) сыяктуу өлкөлөргө экспорттолгон.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта “Манас Ордо” жана “Баластандын” курулушу кызуу жүрүүдө

Таласта “Манас Ордо” жана “Баластандын” курулушу кызуу жүрүүдө

Талас облусунда “Манас Ордо” улуттук комплексин реконструкциялоо жана “Баластан” заманбап оюн-зоок борборун куруу иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, облус жетекчиси Эрмат Жумаев курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министринин орун басары Иманакун уулу Талантбек менен биргеликте курулуп жаткан объектилердин абалы менен жеринде таанышты.

Салык кызматы: 11 айда 2,1 млн тонна күйүүчү-майлоочу май маркаланган

Салык кызматы: 11 айда 2,1 млн тонна күйүүчү-майлоочу май маркаланган

Мамлекеттик салык кызматы күйүүчү майды маркалоо оператору – "Учкун" ачык акционердик коому менен биргеликте 2025-жылдын 1-декабрына карата 2 млн 142,2 миң тонна бензин жана дизель отунун маркалады. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мындан тышкары, 2025-жылдын 11 айында күйүүчү-майлоочу материалдарга (КММ) карата акциз салыгы боюнча 3 млрд 736,7

Автотетик ичине катылып бараткан 7 килограммдан ашык алтын кармалды

Автотетик ичине катылып бараткан 7 килограммдан ашык алтын кармалды

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жана Бажы комитетинин кызматкерлери ири көлөмдөгү алтынды контрабандалык жол менен алып өтүү аракетин токтотушканын  Podrobno.uz басылмасы маалымдады. Маалыматка ылайык, укук коргоо органдары Фергана облусунун 31 жаштагы тургунун "Дустлик" чек ара бекетине жакын жерден кармашкан. Анын сумкасын текшерүү учурунда инспекторлор үч даана металлдан жасалган

Кыргызстан, Афганистан транспорттук кызматташтыкты чыңдайт

Кыргызстан, Афганистан транспорттук кызматташтыкты чыңдайт

Кечээ Кабул шаарында транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев Афганистандын транспорт жана жарандык авиация министринин орун басары Абдул Хайдари жолугуп Кыргызстан менен Афганистандын ортосундагы транспорттук кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.  Эл аралык жүк ташууларды кеңейтүү максатында кыргыз тарап 2026-жылга карата 1000 даана уруксат бланктарын алмашууну сунуштап, афган тарап бул