2020-жылы март-апрель айларында эл жана турак жай фондун каттоо жүрөт – мобилдик тиркеме колдонулат

2020-жылы март-апрель айларында эл жана турак жай фондун каттоо жүрөт – мобилдик тиркеме колдонулат

Министрлер Кабинетинин 22-октябрдагы №228 «КРнын 2022-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоосуна даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө» токтомуна ылайык, республиканын аймагында 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин, ал эми алыскы райондордо 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейинки мезгилде өтөт.

Кечээ, 2021-жылдын 11-ноябрында, Улутстаткомдо республикада келе жаткан эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүү боюнча жыйын өттү. Анда каттоочулардын коопсуздугуна жана эл каттоодо алынган маалыматтардын купуялуулугуна байланыштуу маселелер талкууланды.

Жыйында Улутстаткомунун төрагасы Самат Насирдинов келе жаткан эл жана турак-жай фондусун каттоо он жылдыктын эң маанилүү окуясы экендигин баса белгиледи жана бул өлкөнүн жарандарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган бир катар программаларды иштеп чыгууга мүмкүндүк берерин айтты.

Улутстаткомдун статистикалык каттоо жана геомаалымат системасынын бөлүм башчысы Римма Чыныбаева жыйындын катышуучуларына эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча маалымат берип жатып, эл каттоонун жүрүшүндө биринчи жолу эл каттоочулар мобилдик тиркеме колдонулаарын баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайда 0,6 секундада 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкты

Кытайда 0,6 секундада 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкты

Кытайда бир заматта 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкканын South China Morning Post жазды. Жаңы ыкма Цинхуа университетинин окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан. Ал салттуу катмар-катмар басып чыгаруу ыкмасына эмес, таптакыр жаңы — голографиялык проекция технологиясына негизделген. Бул система тунук идишке жайгаштырылган басып чыгаруу материалын көз ирмемде катуу түзүлүшкө айлантат. Миллиметр өлчөмүндөгү үч

Борбор Азияда электр энергиясынын рыногун түзүүгө 3,2 млн доллар бөлүндү

Борбор Азияда электр энергиясынын рыногун түзүүгө 3,2 млн доллар бөлүндү

Ташкентте шаарында Дүйнөлүк банк тарабынан башкарылган Борбор Азия үчүн Суу-энергетика программасы — CAWEP менен "Энергия" координациялык-диспетчердик борборунун ортосунда 3,2 млн доллар өлчөмүндө гранттык келишимге кол коюлду. Каражат Борбор Азияда регионалдык электр энергия рыногун түзүү боюнча баштапкы иштерди колдоого багытталат. Белгилей кетсек, Дүйнөлүк банк 2026-жылдын январь айында жактырган "

Энергетиктер ЛЭПтерди курууда дрондорду колдонуу ыкмасын тажрыйбалап көрүштү

Энергетиктер ЛЭПтерди курууда дрондорду колдонуу ыкмасын тажрыйбалап көрүштү

Энергетика тармагында жаңы стандарттар жана инновациялык изилдөөлөр башталганын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ош облусу үчүн долбоорлонуп жаткан 220 киловольттук "Исанов" жаңы көмөк чордонун куруу алкагында электр берүү линиялары өтүүчү багыттарды аныктоо үчүн дрондорду колдонуу менен маршруттук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Бул ыкма абадан жогорку тактыкта сүрөткө жана видеого

Өзбекстанда эң көп китеп окуган окуучуга 10 млн сум сыйлык берилет

Өзбекстанда эң көп китеп окуган окуучуга 10 млн сум сыйлык берилет

Өзбекстанда мектеп окуучуларынын арасындагы эң активдүү окурмандарга 10 млн сум (817 доллар) өлчөмүндө акчалай сыйлык берилерин өлкө президенти жаштар менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, кийинки окуу жылы башталганга чейин 100 мыкты чыгармадан турган жыйнак даярдалып, республиканын бардык мектептерине жана техникумдарына жеткирилет. Демилгеге ылайык, эң көп жана сапаттуу китеп окуган окуучулар