Кыргызстан мамлекеттик карызды тейлөөгө 26 млрд сом сарптады
Он айда Кыргызстан мамлекеттик карызды тейлөөгө 26.1 млрд сомдон ашык каражат жумшады. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тышкы карызды тейлөөгө 13.35 млрд сом, ички карызга – 12.75 млрд сом бөлүнгөн. Карыздын негизги суммасы боюнча 19 млрд сом, пайыздар боюнча 7 млрд сом төлөндү.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 30-сентябрына карата КРнын мамлекеттик карызынын көлөмү (тышкы + ички) 4 млрд 866 млн долларды (412.6 млрд сом) түздү.
Мамлекеттик карыздар:
- тышкы карыз — 4 млрд 152 млн доллар (85.3%)
- ички карыз — 714 млн доллар (14.7%)