Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар айлантуу өстү, бирок дагы да аз

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар айлантуу өстү, бирок дагы да аз

Үстүбүздөгү жылы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар айлантуу 2020-жылга караганда көбөйгөн. Бирок эки өлкө экономикада кызматташууда чоң потенциалга ээ жана учурдагы товар айлантуунун көлөмү мүмкүн болгон деңгээлге туура келбейт. Бул тууралуу Түркиянын тышкы экономикалык байланыштар боюнча Кеңешинин башкармалыгынын төрагасы Айдын Мыстачоглу президент Садыр Жапаров менен Стамбулдагы жолугушуу учурунда билдирди.

Президент Садыр Жапаров кечээ, 11-ноябрда, Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитине катышуусунун алкагында Түркиянын ири бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Өз кезегинде Кыргыз-Түрк ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы, Түркиянын тышкы экономикалык байланыштар боюнча Кеңешинин башкармалыгынын төрагасы Айдын Мыстачоглу жолугушууга ири түркиялык компаниялардын өкүлдөрү чогулганын билдирди.

Айдын Мыстачоглунун айтымында үстүбүздөгү жылы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар айлантуу 2020-жылга караганда көбөйгөн. Бирок, анын айтымында Кыргызстан менен Түркия экономикада кызматташууда чоң потенциалга ээ жана учурдагы товар айлантуунун көлөмү мүмкүн болгон деңгээлге туура келбейт. «Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы товар айлантууну жаңы деңгээлге чыгаруу ниетиндебиз», – деди ал.

Садыр Жапаров менен жолугушууга Түркиянын кен казуу, курулуш, энергетика, маалыматтык технологиялар, жеңил өнөр жай, ошондой эле саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарындагы ири компанияларынын өкүлдөрү катышышты.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайда 0,6 секундада 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкты

Кытайда 0,6 секундада 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкты

Кытайда бир заматта 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкканын South China Morning Post жазды. Жаңы ыкма Цинхуа университетинин окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан. Ал салттуу катмар-катмар басып чыгаруу ыкмасына эмес, таптакыр жаңы — голографиялык проекция технологиясына негизделген. Бул система тунук идишке жайгаштырылган басып чыгаруу материалын көз ирмемде катуу түзүлүшкө айлантат. Миллиметр өлчөмүндөгү үч

Борбор Азияда электр энергиясынын рыногун түзүүгө 3,2 млн доллар бөлүндү

Борбор Азияда электр энергиясынын рыногун түзүүгө 3,2 млн доллар бөлүндү

Ташкентте шаарында Дүйнөлүк банк тарабынан башкарылган Борбор Азия үчүн Суу-энергетика программасы — CAWEP менен "Энергия" координациялык-диспетчердик борборунун ортосунда 3,2 млн доллар өлчөмүндө гранттык келишимге кол коюлду. Каражат Борбор Азияда регионалдык электр энергия рыногун түзүү боюнча баштапкы иштерди колдоого багытталат. Белгилей кетсек, Дүйнөлүк банк 2026-жылдын январь айында жактырган "

Энергетиктер ЛЭПтерди курууда дрондорду колдонуу ыкмасын тажрыйбалап көрүштү

Энергетиктер ЛЭПтерди курууда дрондорду колдонуу ыкмасын тажрыйбалап көрүштү

Энергетика тармагында жаңы стандарттар жана инновациялык изилдөөлөр башталганын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ош облусу үчүн долбоорлонуп жаткан 220 киловольттук "Исанов" жаңы көмөк чордонун куруу алкагында электр берүү линиялары өтүүчү багыттарды аныктоо үчүн дрондорду колдонуу менен маршруттук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Бул ыкма абадан жогорку тактыкта сүрөткө жана видеого

Өзбекстанда эң көп китеп окуган окуучуга 10 млн сум сыйлык берилет

Өзбекстанда эң көп китеп окуган окуучуга 10 млн сум сыйлык берилет

Өзбекстанда мектеп окуучуларынын арасындагы эң активдүү окурмандарга 10 млн сум (817 доллар) өлчөмүндө акчалай сыйлык берилерин өлкө президенти жаштар менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, кийинки окуу жылы башталганга чейин 100 мыкты чыгармадан турган жыйнак даярдалып, республиканын бардык мектептерине жана техникумдарына жеткирилет. Демилгеге ылайык, эң көп жана сапаттуу китеп окуган окуучулар