Кыргызстанда инфляция 7.9%ды түздү

Кыргызстанда инфляция 7.9%ды түздү

Кыргызстанда январь-октябрь айларында инфляция 7.9%ды түздү. Тамак-аштан тарта тейлөөгө чейин баары кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Алсак, азык-түлүк товарларынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 9.4%га, азык-түлүк эмес товарлардыкы 8.2%га, калкка кызмат көрсөтүү тарифтери 1.9%га, алкоголдук ичимдиктер менен тамеки буюмдарынын баалары дароо эле 10.3%га жогорулаган.

Өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы бардык аймактарда байкалды. Мында баанын максималдуу өсүшү (+ 11.2%) Баткен облусунда катталган, бул башка региондорго салыштырмалуу алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдарынын бааларынын эң көп өсүшү (+ 15.5%) менен шартталган.

Эске сала кетсек, өткөн жылдын январь-октябрь айларында инфляциянын деңгээли 5.3%ды түзгөн болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта “Манас Ордо” жана “Баластандын” курулушу кызуу жүрүүдө

Таласта “Манас Ордо” жана “Баластандын” курулушу кызуу жүрүүдө

Талас облусунда “Манас Ордо” улуттук комплексин реконструкциялоо жана “Баластан” заманбап оюн-зоок борборун куруу иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, облус жетекчиси Эрмат Жумаев курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министринин орун басары Иманакун уулу Талантбек менен биргеликте курулуп жаткан объектилердин абалы менен жеринде таанышты.

Салык кызматы: 11 айда 2,1 млн тонна күйүүчү-майлоочу май маркаланган

Салык кызматы: 11 айда 2,1 млн тонна күйүүчү-майлоочу май маркаланган

Мамлекеттик салык кызматы күйүүчү майды маркалоо оператору – "Учкун" ачык акционердик коому менен биргеликте 2025-жылдын 1-декабрына карата 2 млн 142,2 миң тонна бензин жана дизель отунун маркалады. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мындан тышкары, 2025-жылдын 11 айында күйүүчү-майлоочу материалдарга (КММ) карата акциз салыгы боюнча 3 млрд 736,7

Автотетик ичине катылып бараткан 7 килограммдан ашык алтын кармалды

Автотетик ичине катылып бараткан 7 килограммдан ашык алтын кармалды

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жана Бажы комитетинин кызматкерлери ири көлөмдөгү алтынды контрабандалык жол менен алып өтүү аракетин токтотушканын  Podrobno.uz басылмасы маалымдады. Маалыматка ылайык, укук коргоо органдары Фергана облусунун 31 жаштагы тургунун "Дустлик" чек ара бекетине жакын жерден кармашкан. Анын сумкасын текшерүү учурунда инспекторлор үч даана металлдан жасалган

Кыргызстан, Афганистан транспорттук кызматташтыкты чыңдайт

Кыргызстан, Афганистан транспорттук кызматташтыкты чыңдайт

Кечээ Кабул шаарында транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев Афганистандын транспорт жана жарандык авиация министринин орун басары Абдул Хайдари жолугуп Кыргызстан менен Афганистандын ортосундагы транспорттук кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.  Эл аралык жүк ташууларды кеңейтүү максатында кыргыз тарап 2026-жылга карата 1000 даана уруксат бланктарын алмашууну сунуштап, афган тарап бул