Кыргызстандын экономикасы он айда 1.6%га көтөрүлдү – ИДП өсүп баштады

Кыргызстандын экономикасы он айда 1.6%га көтөрүлдү – ИДП өсүп баштады

Кыргызстандын ИДПсы январь-октябрь айларында 1.6%га өсүп, алдын ала эсептөөлөр боюнча дээрлик 557 млрд сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.

«Кумтөрдү» эсепке албаганда өлкөнүн экономикасынын көлөмү январь-октябрь айларында дээрлик 507 млрд сомду түзүп, 4.1%га өстү.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылда октябрь ИДПнын өсүү темпинин оң көрсөткүчтөрүн берген экинчи ай болуп калды. Сентябрда ИДПнын бир аз өскөнү (0.1%га) байкалган.

Бирок былтыркы базанын төмөндүгүн эске ала турган болсок, улуттук экономиканын калыбына келүүсү жөнүндө сөз кылууга али эрте. Эске салсак, 2020-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын ИДПсы 7.4% төмөндөп, болгону 457 млрд сомду түзгөн. Ал эми Кумтөрдү эсепке албаганда төмөндөө 8.3%га чейин жеткен болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайда 0,6 секундада 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкты

Кытайда 0,6 секундада 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкты

Кытайда бир заматта 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкканын South China Morning Post жазды. Жаңы ыкма Цинхуа университетинин окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан. Ал салттуу катмар-катмар басып чыгаруу ыкмасына эмес, таптакыр жаңы — голографиялык проекция технологиясына негизделген. Бул система тунук идишке жайгаштырылган басып чыгаруу материалын көз ирмемде катуу түзүлүшкө айлантат. Миллиметр өлчөмүндөгү үч

Борбор Азияда электр энергиясынын рыногун түзүүгө 3,2 млн доллар бөлүндү

Борбор Азияда электр энергиясынын рыногун түзүүгө 3,2 млн доллар бөлүндү

Ташкентте шаарында Дүйнөлүк банк тарабынан башкарылган Борбор Азия үчүн Суу-энергетика программасы — CAWEP менен "Энергия" координациялык-диспетчердик борборунун ортосунда 3,2 млн доллар өлчөмүндө гранттык келишимге кол коюлду. Каражат Борбор Азияда регионалдык электр энергия рыногун түзүү боюнча баштапкы иштерди колдоого багытталат. Белгилей кетсек, Дүйнөлүк банк 2026-жылдын январь айында жактырган "

Энергетиктер ЛЭПтерди курууда дрондорду колдонуу ыкмасын тажрыйбалап көрүштү

Энергетиктер ЛЭПтерди курууда дрондорду колдонуу ыкмасын тажрыйбалап көрүштү

Энергетика тармагында жаңы стандарттар жана инновациялык изилдөөлөр башталганын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ош облусу үчүн долбоорлонуп жаткан 220 киловольттук "Исанов" жаңы көмөк чордонун куруу алкагында электр берүү линиялары өтүүчү багыттарды аныктоо үчүн дрондорду колдонуу менен маршруттук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Бул ыкма абадан жогорку тактыкта сүрөткө жана видеого

Өзбекстанда эң көп китеп окуган окуучуга 10 млн сум сыйлык берилет

Өзбекстанда эң көп китеп окуган окуучуга 10 млн сум сыйлык берилет

Өзбекстанда мектеп окуучуларынын арасындагы эң активдүү окурмандарга 10 млн сум (817 доллар) өлчөмүндө акчалай сыйлык берилерин өлкө президенти жаштар менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, кийинки окуу жылы башталганга чейин 100 мыкты чыгармадан турган жыйнак даярдалып, республиканын бардык мектептерине жана техникумдарына жеткирилет. Демилгеге ылайык, эң көп жана сапаттуу китеп окуган окуучулар