Жумушсуздук күч алды, эч кандай кирешебиз жок – Баткендин Максат айылынын эли президентке кайрылуу жасады

Жумушсуздук күч алды, эч кандай кирешебиз жок – Баткендин Максат айылынын эли президентке кайрылуу жасады

Жумушсуздук күч алды, эч кандай кирешебиз жок. Биздин элдин жашоо-турмушун көзөмөлгө алыңыз. Жашообуз кыйындап баратат. Жоголгон мал-мүлкүбүздү калыбына келтирип берүүңүздү суранабыз. Мындай билдирүүнү Баткен облусунун чек арадагы Максат айылынын тургундары президент Садыр Жапаровго жасаган кайрылуусунда айтышты.

Алардын айтымында, 28-30-апрелдеги Баткендеги чек ара окуясынан кийин жергиликтүү элдин жашоо-турмушу начарлап барат. Анткени эртеңкиден корккон эл үй-бүлөсүн таштап чет өлкөгө кетип иштей албай жатышат.

«Максат айылынын тургундары ошол окуядан кийин кыйналып жатышат, сыртка чыгып иштегенге мүмкүнчүлүк болбой жатат, анткени эл эртең кандай окуя болуп кетет деп коркуп турат. Жумушсуздук күч алды, эч кандай кирешебиз жок. Биздин элдин жашоо-турмушун көзөмөлгө алыңыз. Жашообуз кыйындап баратат. Жоголгон мал-мүлкүбүздү калыбына келтирип берүүңүздү суранабыз», – дешет алар.

Тургундардын айканына караганда айыл боюнча эл кыйналып турат.

«Техника, малды карызга алгандар бар. Учурда ошол карыздарын төлөй алышпай кыйналып жатышат. Мен өзүмдү мисалга алсам, Максат айылынан бир трактор уурдалды, мен ал трактордун жарымын карызга алган болчум. Кирешем жок болсо, алты балам менен жашоом оорлошуп баратат», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта “Манас Ордо” жана “Баластандын” курулушу кызуу жүрүүдө

Таласта “Манас Ордо” жана “Баластандын” курулушу кызуу жүрүүдө

Талас облусунда “Манас Ордо” улуттук комплексин реконструкциялоо жана “Баластан” заманбап оюн-зоок борборун куруу иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, облус жетекчиси Эрмат Жумаев курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министринин орун басары Иманакун уулу Талантбек менен биргеликте курулуп жаткан объектилердин абалы менен жеринде таанышты.

Салык кызматы: 11 айда 2,1 млн тонна күйүүчү-майлоочу май маркаланган

Салык кызматы: 11 айда 2,1 млн тонна күйүүчү-майлоочу май маркаланган

Мамлекеттик салык кызматы күйүүчү майды маркалоо оператору – "Учкун" ачык акционердик коому менен биргеликте 2025-жылдын 1-декабрына карата 2 млн 142,2 миң тонна бензин жана дизель отунун маркалады. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мындан тышкары, 2025-жылдын 11 айында күйүүчү-майлоочу материалдарга (КММ) карата акциз салыгы боюнча 3 млрд 736,7

Автотетик ичине катылып бараткан 7 килограммдан ашык алтын кармалды

Автотетик ичине катылып бараткан 7 килограммдан ашык алтын кармалды

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жана Бажы комитетинин кызматкерлери ири көлөмдөгү алтынды контрабандалык жол менен алып өтүү аракетин токтотушканын  Podrobno.uz басылмасы маалымдады. Маалыматка ылайык, укук коргоо органдары Фергана облусунун 31 жаштагы тургунун "Дустлик" чек ара бекетине жакын жерден кармашкан. Анын сумкасын текшерүү учурунда инспекторлор үч даана металлдан жасалган

Кыргызстан, Афганистан транспорттук кызматташтыкты чыңдайт

Кыргызстан, Афганистан транспорттук кызматташтыкты чыңдайт

Кечээ Кабул шаарында транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев Афганистандын транспорт жана жарандык авиация министринин орун басары Абдул Хайдари жолугуп Кыргызстан менен Афганистандын ортосундагы транспорттук кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.  Эл аралык жүк ташууларды кеңейтүү максатында кыргыз тарап 2026-жылга карата 1000 даана уруксат бланктарын алмашууну сунуштап, афган тарап бул