2022-жылдын 1-сентябрына чейин Түрк мамлекеттеринин инвестициялык фонду түзүлөт
2022-жылдын 1-сентябрына чейин Түрк мамлекеттеринин инвестициялык фонду түзүлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркияга болгон иш сапарынын жыйынтыгында билдирди.
Тышкы иштер министри Кыргызстан үчүн кабыл алынган бир катар чечимдердин ичинен Инвестициялык фондду түзүү маанилүү экендигин белгиледи.
«Түрк мамлекеттеринин инвестициялык фондун түзүү зарылдыгы жөнүндөгү идея жаңы эмес, 2014-жылдан бери биздин мамлекеттердин күн тартибинде. Акыркы жылдары бул багыттагы иштер байкаларлык күчөп, азыр ал үй сызыгына кирип жатат деп айтсак болот. Тиешелүү министрликтерге бул каржы институтун 2022-жылдын 1-сентябрына чейин түзүү тапшырмасы берилди. Белгилей кетсек, биз Инвестициялык фондду Бишкекке жайгаштырууну сунуштап жатабыз. Фонддун штаб-квартирасы биздин өлкөдө жайгашат деген үмүттөбүз жана бул багытта өнөктөштөрүбүз менен иштешүүгө даярбыз», – деди ал.
Мындан тышкары, өзүнчө маанилүү чечим болуп «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040» стратегиялык документин бекитүү саналат.
«Документти түзүү үчүн бардык ТМУ өлкөлөрүнүн эксперттик топтору тарабынан көп иштер аткарылды, алар Уюмду 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн этап-этабы менен программасын иштеп чыгышты», – деди Казакбаев.