КРнын бюджети 9 айда 3.7 млрд сомдук профицит менен аткарылды

КРнын бюджети 9 айда 3.7 млрд сомдук профицит менен аткарылды

Тогуз айда мамлекеттик бюджет 3.7 млрд сомдук профицит менен аткарылды. Өткөн жылдын январь-сентябрь айларында тескерисинче, 15.6 млрд сомго тартыштык болгон. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Мамлекеттик бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 145 млрд сомдон ашкан, бул 2020-жылдын тогуз айына салыштырмалуу 43 млрд сомго көп. Салык кирешелери былтыркыга салыштырмалуу 107 млрд сомду (+ 34 млрд сом), ал эми салыктык эмес кирешелер 32 млрд сомду (+ 10 млрд сом) түздү.

Жалпы чыгымдар болсо 23 млрд сомго көбөйүп,  142 млрд сомду түздү.

Жыл башынан бери мамлекеттик бюджеттин негизги каражаттары төмөнкү багыттарга жумшалган:
  • эмгек акы – 52 млрд сом же жалпы чыгашалардын 36%
  • социалдык жөлөкпулдарды төлөө – 26 млрд сом же 18%
  • финансылык эмес активдерди сатып алуу – 25 млрд сом же 17%
  • товарларды жана кызматтарды сатып алуу жана пайдалануу – 16 млрд сом же 11%
  • гранттар – 11 млрд сом же 8%
  • пайыздарды төлөө – 7 млрд сом же 5%
  • субсидияларды берүү – 4 млрд сом же 3%

Жыл башынан бери эмгек акыга былтыркыга салыштырмалуу 7 млрд сом, субсидияларды берүүгө — 1.7 млрд сом, социалдык жөлөкпулдарды төлөөгө  — 1.5 млрд сом, дары-дармек сатып алууга жана медициналык буюмдар, ошондой эле гранттарга — 1.4 млрд сом, пайыздарды төлөөгө — 1.3 млрд сом көп жумшалган.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайда 0,6 секундада 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкты

Кытайда 0,6 секундада 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкты

Кытайда бир заматта 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкканын South China Morning Post жазды. Жаңы ыкма Цинхуа университетинин окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан. Ал салттуу катмар-катмар басып чыгаруу ыкмасына эмес, таптакыр жаңы — голографиялык проекция технологиясына негизделген. Бул система тунук идишке жайгаштырылган басып чыгаруу материалын көз ирмемде катуу түзүлүшкө айлантат. Миллиметр өлчөмүндөгү үч

Борбор Азияда электр энергиясынын рыногун түзүүгө 3,2 млн доллар бөлүндү

Борбор Азияда электр энергиясынын рыногун түзүүгө 3,2 млн доллар бөлүндү

Ташкентте шаарында Дүйнөлүк банк тарабынан башкарылган Борбор Азия үчүн Суу-энергетика программасы — CAWEP менен "Энергия" координациялык-диспетчердик борборунун ортосунда 3,2 млн доллар өлчөмүндө гранттык келишимге кол коюлду. Каражат Борбор Азияда регионалдык электр энергия рыногун түзүү боюнча баштапкы иштерди колдоого багытталат. Белгилей кетсек, Дүйнөлүк банк 2026-жылдын январь айында жактырган "

Энергетиктер ЛЭПтерди курууда дрондорду колдонуу ыкмасын тажрыйбалап көрүштү

Энергетиктер ЛЭПтерди курууда дрондорду колдонуу ыкмасын тажрыйбалап көрүштү

Энергетика тармагында жаңы стандарттар жана инновациялык изилдөөлөр башталганын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ош облусу үчүн долбоорлонуп жаткан 220 киловольттук "Исанов" жаңы көмөк чордонун куруу алкагында электр берүү линиялары өтүүчү багыттарды аныктоо үчүн дрондорду колдонуу менен маршруттук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Бул ыкма абадан жогорку тактыкта сүрөткө жана видеого

Өзбекстанда эң көп китеп окуган окуучуга 10 млн сум сыйлык берилет

Өзбекстанда эң көп китеп окуган окуучуга 10 млн сум сыйлык берилет

Өзбекстанда мектеп окуучуларынын арасындагы эң активдүү окурмандарга 10 млн сум (817 доллар) өлчөмүндө акчалай сыйлык берилерин өлкө президенти жаштар менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, кийинки окуу жылы башталганга чейин 100 мыкты чыгармадан турган жыйнак даярдалып, республиканын бардык мектептерине жана техникумдарына жеткирилет. Демилгеге ылайык, эң көп жана сапаттуу китеп окуган окуучулар