Кара-Кулжа районунда самын чыгарышууда – бирок ишкер аялдар финансылык колдоого муктаж

Кара-Кулжа районунда самын чыгарышууда – бирок ишкер аялдар финансылык колдоого муктаж

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда самын чыгарган ишкана ачылды. Бирок ишкананы ачкан Рахат Жантөрөева учурда финансылык колдоого муктаж болуп турганын Economist.kg басылмасына билдирди.

«Кыргызстанда бүт нерсе кымбаттап кетти, кир самындын баасы 50 сомго чейин чыгып жатат. Ошондуктан жок дегенде айылдагыларга жардам болсун деп бул демилгени көтөрүп чыккан элем. Бирок биринчи партияны чыгаргандан кийин финансылык колдоого муктаж болуп калдык, өндүрүш көп каражатты талап кылат экен. Үйдөгү буюмдарымды сатып, бизнеске салайын десем, жети балам бар, аларды ойлойм», – дейт ал.

Анын айтымында, негизги каражат учурда чийки зат сатып алууга жана алган карызына керек.

«Самын чыгарган аппараттын баасы 100 миң сомго түштү.  Анын жарым акчасын төлөп, жарымын төлөй албай жүрөм. Самын экологиялык жактан таза, анын негизги курамын жаныбардын майы менен өсүмдүк майы түзөт. Андан тышкары, ага өзүнүн рецебине жараша сода жана башка ингредиенттер кошулат. Учурда ушул эки нерсеге каражат керек болуп жатат», – дейт жеке ишкер.

Economist.kg ушул сыяктуу колдоого муктаж болгон бизнеске аз пайыз менен насыя берип, КРгы ишкерлерге колдоо көрсөтүп келген белгилүү Орус-кыргыз фондуна кайрылды. Фонддон уюм 14 каржы мекеме менен иш алып бараарын, региондогу ишкерлер жергиликтүү өкүлчүлүктөр аркылуу консультация алса болоорун, фонд бизнес план түзүүгө адистер жардам беришээрин белгиледи.

«Эгерде 200 миң долларга чейин колдоо керек болсо, биздин өнөктөш коммерциялык банктарга кайрылышса болот, эгерде керек болгон сумма 200 миң доллардан ашса, анда биз түз иштешебиз. Бардык суроолорго жоопту, консультацияны http://www.rkdf.org/kg сайтынан же 0312 303750 телефону аркылуу алса болот», – деп жооп беришти уюмдан.

Мындан тышкары окуңуз

Талантбек Солтобаев Таластагы жол курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди

Талантбек Солтобаев Таластагы жол курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Талас облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Сапардын алкагында министр Жол чарба департаментинин аймактык бөлүмү жана Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары менен биргеликте жүрүп жаткан курулуш иштеринин абалы менен таанышты. Министр "Суусамыр–Талас–Тараз автожолун реконструкциялоо, IV

Д.Бекешев: Кара куурайдан кийим өндүрүүнү тездетишибиз керек

Д.Бекешев: Кара куурайдан кийим өндүрүүнү тездетишибиз керек

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында өнөр жайлык негизде кара куурайдан (техникалык каннабистен) кийим-кече өндүрүүнү тездетүүгө чакырды. Анын айтымында, техникалык каннабисти ар түрдүү тармактарда колдонууга болот. "Мисалы, кийим, сумка тигүүгө пайдаланса болот. Азыр тигүүчүлөр кездемени башка өлкөлөрдөн сатып алып жатышат. Өзүбүздүн чийки затты колдонсок болмок. Айыл чарба министрлиги бул

Келечекте “Баткен тоо балы” брендин эл аралык рынокко чыгарам – Азамат Алимбек уулу

Келечекте “Баткен тоо балы” брендин эл аралык рынокко чыгарам – Азамат Алимбек уулу

Жоопкерчиликти, эмгекти жана өз жеринде ишкерлик баштоонун мүмкүнчүлүгүн миграция тажрыйбасы менен айкалыштырган мекендештерибиз аз эмес. Алардын бири Баткен облусунун Газ айылынын тургуну Азамат Алимбек уулу. Ал Орусияда жана Англияда эмгектенип жүрүп чогулткан акчасы менен тажрыйбасын кичи мекенинде балчылык ишин баштоого жумшады. Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) “1+1” пилоттук программасынын

Адылбек Касымалиев кытайлык холдинг менен инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Адылбек Касымалиев кытайлык холдинг менен инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Guangdong Holdings Limited" кытай холдингинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө инвестициялык кызматташуунун келечеги талкууланды. Холдингдин өкүлдөрү Кыргызстандын энергетика тармагындагы потенциалын жогору баалап, гидроэлектростанцияларды жана суу менен камсыздоо системаларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.