Д.Бекешев: Кара куурайдан кийим өндүрүүнү тездетишибиз керек

Д.Бекешев: Кара куурайдан кийим өндүрүүнү тездетишибиз керек

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында өнөр жайлык негизде кара куурайдан (техникалык каннабистен) кийим-кече өндүрүүнү тездетүүгө чакырды.

Анын айтымында, техникалык каннабисти ар түрдүү тармактарда колдонууга болот.

"Мисалы, кийим, сумка тигүүгө пайдаланса болот. Азыр тигүүчүлөр кездемени башка өлкөлөрдөн сатып алып жатышат. Өзүбүздүн чийки затты колдонсок болмок. Айыл чарба министрлиги бул багыттагы ишти ылдамдатышы керек", — деди ал.

Өз кезегинде министрдин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев өнөр жайлык колдонууга киргизүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экенин белгиледи.

"Азырынча бул баскычка жете элекпиз, бирок бул келечектүү багыт экенине кошулам. Эгерде Илимдер академиясы тиешелүү корутунду берсе, изилдөөлөрдү жүргүзүүгө болот. Каннабистен аскерлер үчүн форма жана ич кийим тигүүгө мүмкүн. Андан алынган кездеме жеңил жана аба өткөрүмдүү болот", — деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт. 2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору. S&P Global CSA

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча

Ишкер Media
Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Армениянын Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 76-отуруму жана “Статистикадагы жаңы усулдар жана технологиялар” аттуу IV эл аралык статистикалык форум өттү. Иш-чараларга Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты. Улуттук сатитстика комитетинин маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө статистикалык маалыматтарды даярдоодо мамлекеттик маалымат тутумдарындагы маалыматтарды

Ишкер Media
12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармактары” ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, иштер Чыгыш, Батыш, Түндүк жана Аламүдүн райондук электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.

Ишкер Media