Carcheck кызматы акылуу болушу мүмкүн – бир сурам 10 сом болот

Carcheck кызматы акылуу болушу мүмкүн –  бир сурам 10 сом болот

Carcheck кызматы акылуу болушу мүмкүн. Электрондук форматта маалыматты суроо кызматынын баасы болжол менен 10 сомду түзөт деп болжолдонууда. Тиешелүү токтомдун долбоорун санариптик өнүктүрүү министрлиги министрлер кабинетинин сайтына жарыялады.

Унаа каражаттары тууралуу маалыматты электрондук форматта portal.tunduk.kg мамлекеттик кызматтар порталы жана Carcheck сервиси аркылуу онлайн режиминде алууга болот. Маалымат «суроо-жооп» режиминде заматта берилээрин департаменттен билдиришти.

Жогорудагы күбөлүктөрдү кагаз түрүндө берүү баасы учурда 120 сомду түзөт.

Аталган система төмөнкү маалыматтарды берет:

  • Арызда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын мамлекеттик номери
  • унаанын маркасы
  • унаанын модели
  • унаанын түсү
  • унаанын жылы
  • унаа кыймылдаткычынын көлөмү
  • автотранспорттун рулунун жайгашкан жери
  • камакка алынган/күрөөгө коюлган транспорт каражаты жөнүндө маалымат (камакка алынгандардын/күрөөлөрдүн болушу жана саны)
  • транспорт каражатына тиешелүү айыптар жөнүндө маалымат (туумдардын болушу жана саны)
  • белгилүү бир мезгил ичинде транспорт каражатынын ээсинин тарыхы (ээлеринин саны).

Мындан тышкары окуңуз

Талантбек Солтобаев Таластагы жол курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди

Талантбек Солтобаев Таластагы жол курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Талас облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Сапардын алкагында министр Жол чарба департаментинин аймактык бөлүмү жана Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары менен биргеликте жүрүп жаткан курулуш иштеринин абалы менен таанышты. Министр "Суусамыр–Талас–Тараз автожолун реконструкциялоо, IV

Д.Бекешев: Кара куурайдан кийим өндүрүүнү тездетишибиз керек

Д.Бекешев: Кара куурайдан кийим өндүрүүнү тездетишибиз керек

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында өнөр жайлык негизде кара куурайдан (техникалык каннабистен) кийим-кече өндүрүүнү тездетүүгө чакырды. Анын айтымында, техникалык каннабисти ар түрдүү тармактарда колдонууга болот. "Мисалы, кийим, сумка тигүүгө пайдаланса болот. Азыр тигүүчүлөр кездемени башка өлкөлөрдөн сатып алып жатышат. Өзүбүздүн чийки затты колдонсок болмок. Айыл чарба министрлиги бул

Келечекте “Баткен тоо балы” брендин эл аралык рынокко чыгарам – Азамат Алимбек уулу

Келечекте “Баткен тоо балы” брендин эл аралык рынокко чыгарам – Азамат Алимбек уулу

Жоопкерчиликти, эмгекти жана өз жеринде ишкерлик баштоонун мүмкүнчүлүгүн миграция тажрыйбасы менен айкалыштырган мекендештерибиз аз эмес. Алардын бири Баткен облусунун Газ айылынын тургуну Азамат Алимбек уулу. Ал Орусияда жана Англияда эмгектенип жүрүп чогулткан акчасы менен тажрыйбасын кичи мекенинде балчылык ишин баштоого жумшады. Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) “1+1” пилоттук программасынын

Адылбек Касымалиев кытайлык холдинг менен инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Адылбек Касымалиев кытайлык холдинг менен инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Guangdong Holdings Limited" кытай холдингинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө инвестициялык кызматташуунун келечеги талкууланды. Холдингдин өкүлдөрү Кыргызстандын энергетика тармагындагы потенциалын жогору баалап, гидроэлектростанцияларды жана суу менен камсыздоо системаларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.