Дүйшөнбек Камчыбеков: Сырткы башкаруу киргизердин алдында «Кумтөрдөгү» акцияларыбыз 700 млн доллар болчу

Дүйшөнбек Камчыбеков: Сырткы башкаруу киргизердин алдында «Кумтөрдөгү» акцияларыбыз 700 млн доллар болчу

Биз «Кумтөрдөн» бюджетке чоң сумма түшө турган бир нече жолду сунуштаганбыз. Бул тууралуу Тоо кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы, техника илимдеринин доктору Дүйшөнбек Камчыбеков «Марал» радиосунун эфиринде билдирген.

Анын айтымында, Кыргызстан «Кумтөрдүн» 77 млн акциясына ээлик кылып, алар үчүн Директорлор кеңешинин чечими менен жылына 12 млн доллардын тегерегинде дивиденд алып келген. Бирок айрым жылдары, мисалы, 2016-жылдан 2019-жылга чейин дивиденд төлөнбөй калган учурлар да болгон.

«Биз адис катары айтчубуз: «77 млн акциябыз «мертвый груз» сыяктуу эле жатат. Андан көрө ошол акцияларыбызды сүйлөшүү жолдору менен сатып жибербейлиби», – деп. Мисалы, 2012-жылы биздин 77 млн акциябыз 1.8 млрд долларга чейин жеткен. Ошол сырткы башкаруу киргизердин алдында биздин акцияларыбыздын суммасы 700 млн доллардын тегерегинде болуп турган. Эгер биз жакшы сүйлөшүүлөргө барсак, мүмкүн млрд долларга чейин чыкмак. Биз ушул жолду тандасак, 700 млн долларбы, же миллиард долларбы, бюджетке акча котортуп алууга болмок», – дейт ал.

Андан сырткары, мурунку келишимдердин негизинде жалпы капиталдык салымдарга киргизилген акчалардын ичинен 4%ы чалгындоо иштерине жумшалышы керек эле. Ал сумма да бүгүнкү күндө 300 млн долларга жакындап калган.

«Ошол акчаны да кошумча кылып коштуруп алсак болмок. Андан тышкары булар башка долбоорлорду сатып алып жатканда биздин үлүшүбүздү 32%дан 26%га чейин түшүргөн. Ал эми ал долбоорлорду башкаларга сатып ийип жатканда, бизге эч кандай үлүш берген эмес. Мүмкүн ошол жолдорун да сүйлөшүп, кошумча каражат алсак болмок»,  – дейт Камчыбеков.

Ал «Центерра» учурунда жер астындагы жол менен иштетебиз деп, 48 тонна алтынды жер астына калтырып коюшканын эскертти.

«Жылына 17 тоннадан алтын алса, 3 жылдык алтын болмок экен, жылына 150-180 млн доллар биздин бюджетибизге түшүп турмак экен. Ошол акчадан да биз ала албай калдык. 100 миллиондон болгондо дагы 300 миллион доллар болмок. Ошол алтынды калтырып койгону үчүн бюджетке акча түшпөй калды деп, кенемте сурасак болмок. Мына ушундай жолдор менен иштегенде бүгүнкү күндөгүдөй акыбалга туш болбой, бюджетке чоң суммадагы акча түшүп калмак. Андан кийин деле «Центеррага» башка шарттарды кое берүүгө болмок»,  – деди адис.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышты

Садыр Жапаров “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда, Японияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Токио шаарында өтүп жаткан “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышты. Мамлекет башчысын Япониянын Премьер-министри Санаэ Такаити Токио шаарындагы "Акасака" мамлекеттик конок үйүнөн тосуп алды. Саламдашуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегациялардын башчылары

ИИМ жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алууну эскертет

ИИМ жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алууну эскертет

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана кардын калың жаагандыгына байланыштуу, жол тескөөчүлөр республика боюнча ири унаа жолдорунда, тоолуу ашууларда жана кооптуу тилкелерде күнү-түнү кызмат өтөп, унаа агымын жөнгө салууда. ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсунө караганда, жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында орган өкүлдөрү ыкчам ишчараларды көрүлүүдө. Жолдогу көйгөйлөрдү болтурбоо

УКМК массалык экономикалык аткезчиликке катышкандарды камакка алды

УКМК массалык экономикалык аткезчиликке катышкандарды камакка алды

УКМК Ош облусунда Өзбекстан Республикасынын 15 жаранынан жана КРнын 10 жаранынан турган трансулуттук кылмыштуу топтун ишин токтотту. УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдагандай, алардын коргоочусу болгон КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын эки кызматкерин, УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын бир аскери да кармалды. Бул кылмыштуу топ Түркия Республикасынан кымбат баалуу дары-дармектерди жана зер

QR код аркылуу эки айда 1млрд 330млн сом бажы төлөмдөрү төлөндү

QR код аркылуу эки айда 1млрд 330млн сом бажы төлөмдөрү төлөндү

2025-жылдын октябрь айынын соңунда КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы QR код аркылуу бажы төлөмдөрүн ишке ашырууну жолго салган. Анын максаты, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары банк кассасына көз каранды болбостон, каалаган убагында бажы төлөмдөрүн төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ кылуу болгон. Ага ылайык, акыркы 2 айдын ичинде (октябрдын аягы) QR код