Карыздарды реструктуризациялоодон бюджетке 758 млн сом түштү

Карыздарды реструктуризациялоодон  бюджетке 758 млн сом түштү

Салык кызматы 2020-жылдын августунан 2021-жылдын 1-ноябрына чейинки мезгилде салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды реструктуризациялоонун алкагында бюджетке 758.1 млн сом түшкөнүн маалымдайт.

Бюджетке карыздын негизги суммасынан 449.1 млн сом жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасынан 309 млн сом түштү.

Мындан тышкары, Салык кызматы 10 миң 159 субъектке 627.4 млн сом суммасындагы туумдарды, айыптарды жана салык санкцияларын эсептен чыгарды.

СК салык төлөөчүлөр салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөө жолу «Камсыздандыруу төгүмдөрүнө карата эсептелген пайыздар, туумдар, салык санкциялары, айыптар боюнча карыздарды реструктуризациялоо жөнүндө» Мыйзамына ылайык, чегерилген туумдарды, санкцияларды жана айыптарды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгүн пайдалана ала тургандыгын эскертет.

Мыйзамга ылайык, 2021-жылдын 31-декабрына чейин карыздын негизги суммасын төлөгөн төлөөчүлөр жана жарандар үчүн туумдар, санкциялар жана айыптар 50 пайызга эсептен чыгарылат.

Мындан тышкары окуңуз

Талантбек Солтобаев Таластагы жол курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди

Талантбек Солтобаев Таластагы жол курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Талас облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Сапардын алкагында министр Жол чарба департаментинин аймактык бөлүмү жана Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары менен биргеликте жүрүп жаткан курулуш иштеринин абалы менен таанышты. Министр "Суусамыр–Талас–Тараз автожолун реконструкциялоо, IV

Д.Бекешев: Кара куурайдан кийим өндүрүүнү тездетишибиз керек

Д.Бекешев: Кара куурайдан кийим өндүрүүнү тездетишибиз керек

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында өнөр жайлык негизде кара куурайдан (техникалык каннабистен) кийим-кече өндүрүүнү тездетүүгө чакырды. Анын айтымында, техникалык каннабисти ар түрдүү тармактарда колдонууга болот. "Мисалы, кийим, сумка тигүүгө пайдаланса болот. Азыр тигүүчүлөр кездемени башка өлкөлөрдөн сатып алып жатышат. Өзүбүздүн чийки затты колдонсок болмок. Айыл чарба министрлиги бул

Келечекте “Баткен тоо балы” брендин эл аралык рынокко чыгарам – Азамат Алимбек уулу

Келечекте “Баткен тоо балы” брендин эл аралык рынокко чыгарам – Азамат Алимбек уулу

Жоопкерчиликти, эмгекти жана өз жеринде ишкерлик баштоонун мүмкүнчүлүгүн миграция тажрыйбасы менен айкалыштырган мекендештерибиз аз эмес. Алардын бири Баткен облусунун Газ айылынын тургуну Азамат Алимбек уулу. Ал Орусияда жана Англияда эмгектенип жүрүп чогулткан акчасы менен тажрыйбасын кичи мекенинде балчылык ишин баштоого жумшады. Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) “1+1” пилоттук программасынын

Адылбек Касымалиев кытайлык холдинг менен инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Адылбек Касымалиев кытайлык холдинг менен инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Guangdong Holdings Limited" кытай холдингинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө инвестициялык кызматташуунун келечеги талкууланды. Холдингдин өкүлдөрү Кыргызстандын энергетика тармагындагы потенциалын жогору баалап, гидроэлектростанцияларды жана суу менен камсыздоо системаларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.