Каржы министрлиги «Газпромбанк» менен келишимдерди банктык коштоо боюнча макулдашты

Каржы министрлиги «Газпромбанк» менен келишимдерди банктык коштоо боюнча макулдашты

Экономика министрлиги «Газпромбанк» менен мамлекеттик долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууда контракттардын банктык коштоосун киргизүү максатында Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. 22-ноябрда меморандумга Финансы министри Алмаз Бакетаев, «Газпромбанк» акционердик коому тараптан Аткаруучу вице-президент – контракттардын банктык коштоосу департаментинин начальниги Олег Мельников кол койду.

Министрликтин берген маалыматына ылайык, бул документке Москва шаарына жумушчу сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун «Газпромбанк» акционердик коомунун башкармалыгынын биринчи вице-президенттери жана мүчөлөрү Денис Камышев жана Алексей Попович менен жолугушуусу учурунда кол коюлган.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө КРнын мамлекеттик сатып алуулар жана аталган тармакты өркүндөтүү жаатындагы улуттук мыйзамдарды өзгөртүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер алкагында контракттарды трансулуттук банктык коштоо жаатында «Газпромбанктын» тажрыйбасын жана технологиясын пайдалануу маселеси талкууланды

Тараптар аркылуу ошондой эле банктык коштоо кызматын илгерилетүү боюнча келечектеги өз ара аракеттенүүнүн,  мамлекеттик сатып алууларды каржылоо механизмдеринин, эмгек мигранттарынын РФдан КРга төлөмдөрдү жүргүзүү тутумун өркүндөтүүнүн айрым маселелери козголду. 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышты

Садыр Жапаров “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда, Японияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Токио шаарында өтүп жаткан “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышты. Мамлекет башчысын Япониянын Премьер-министри Санаэ Такаити Токио шаарындагы "Акасака" мамлекеттик конок үйүнөн тосуп алды. Саламдашуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегациялардын башчылары

ИИМ жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алууну эскертет

ИИМ жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алууну эскертет

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана кардын калың жаагандыгына байланыштуу, жол тескөөчүлөр республика боюнча ири унаа жолдорунда, тоолуу ашууларда жана кооптуу тилкелерде күнү-түнү кызмат өтөп, унаа агымын жөнгө салууда. ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсунө караганда, жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында орган өкүлдөрү ыкчам ишчараларды көрүлүүдө. Жолдогу көйгөйлөрдү болтурбоо

УКМК массалык экономикалык аткезчиликке катышкандарды камакка алды

УКМК массалык экономикалык аткезчиликке катышкандарды камакка алды

УКМК Ош облусунда Өзбекстан Республикасынын 15 жаранынан жана КРнын 10 жаранынан турган трансулуттук кылмыштуу топтун ишин токтотту. УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдагандай, алардын коргоочусу болгон КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын эки кызматкерин, УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын бир аскери да кармалды. Бул кылмыштуу топ Түркия Республикасынан кымбат баалуу дары-дармектерди жана зер

QR код аркылуу эки айда 1млрд 330млн сом бажы төлөмдөрү төлөндү

QR код аркылуу эки айда 1млрд 330млн сом бажы төлөмдөрү төлөндү

2025-жылдын октябрь айынын соңунда КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы QR код аркылуу бажы төлөмдөрүн ишке ашырууну жолго салган. Анын максаты, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары банк кассасына көз каранды болбостон, каалаган убагында бажы төлөмдөрүн төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ кылуу болгон. Ага ылайык, акыркы 2 айдын ичинде (октябрдын аягы) QR код