Түштүк жергесинде санариптик стартаптардын хакатону башталды

Түштүк жергесинде санариптик стартаптардын хакатону башталды

Accelerate Prosperity уюму «Аракетчил» жаштар долбоорунун алкагында Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы инновациялык жана санариптик стартаптар арасында Prosperity Cup хакатонунун ачылышын өткөрдү. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин катышуучулар өнүктүрүүнү жана инвестицияны талап кылган бизнес-идеялары менен арыздарын жөнөтүп, анын негизинде тандоо жүргүзүлгөн. Эң ийгиликтүү стартаптар гранттык колдоо алышат.

АРнин акселерация боюнча координатору Нурия Каракулованын айтымында, бул хакатон жаштардын ишкердик жөндөмдүүлүгүнө жакшы таасирин тийгизип, катышуучуларды гана эмес, аймактардагы жаштарды да алардын үлгүсү менен IT инструменттери аркылуу көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун издөөгө шыктандырат жана социалдык чөйрөгө таасир этет, ошондой эле катышуучулардын ишкердик жөндөмдөрү үчүн кубаттуу базаны түзөт.

Prosperity Cup Кыргызстандын түштүгүндөгү жаштар жана жаштардын инновациялык жана IT стартаптары менен иштөөгө багытталган. Үч жума бою арыз боюнча тандалып алынган акселерациянын катышуучулары интенсивдүү окутуудан өтүп, бизнес-идеяларын өркүндөтүп, өтө маанилүү билим жана тажрыйба алышат.

Тандоонун негизги критерийлери: иштелип чыккан идеясы жана прототиби бар, командада 2 адамдан кем болбошу керек.

Долбоордун негизги максаты  – долбоордун 42 максаттуу жамаатындагы 4000 улан-кыздарды жумуш менен камсыз кылуу. Анын курамына КРнын Фергана өрөөнүндөгү 450 чакырымдык CASA-1000 электр линиясынын бойлорунда жашаган жамааттар кирет.

Долбоор жаштарды эмгек рыногуна жана алар үчүн базар мүмкүнчүлүктөрүнө даярдоону көздөйт. Атап айтканда, жаштар үчүн эмгек рыногунда талап кылынган көндүмдөргө, өзүнчө нарк чынжырларында кошумча наркты түзүүгө жана IT жана электрондук кызматтарды жана электрондук ишканаларды жана алардын потенциалын өнүктүрүүгө басым жасалат, ошондой эле жалпы кызыкчылык менен жаштар жетектеген топторду колдоо жана жумуш орундарын түзүү.

  • «Аракетчил» долбоору Япония Өкмөтү тарабынан Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө каржыланып, Ага Хан Фондунун «Кыргызстандын тоолуу аймактарын өнүктүрүүнү колдоо программасы» тарабынан ишке ашырылууда. Окуу программасы үчүн ишкердик боюнча максаттуу жамааттарга баштапкы жана улантуучу деңгээлде 4 991.400 млн сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алууну эскертет

ИИМ жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алууну эскертет

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана кардын калың жаагандыгына байланыштуу, жол тескөөчүлөр республика боюнча ири унаа жолдорунда, тоолуу ашууларда жана кооптуу тилкелерде күнү-түнү кызмат өтөп, унаа агымын жөнгө салууда. ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсунө караганда, жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында орган өкүлдөрү ыкчам ишчараларды көрүлүүдө. Жолдогу көйгөйлөрдү болтурбоо

УКМК массалык экономикалык аткезчиликке катышкандарды камакка алды

УКМК массалык экономикалык аткезчиликке катышкандарды камакка алды

УКМК Ош облусунда Өзбекстан Республикасынын 15 жаранынан жана КРнын 10 жаранынан турган трансулуттук кылмыштуу топтун ишин токтотту. УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдагандай, алардын коргоочусу болгон КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын эки кызматкерин, УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын бир аскери да кармалды. Бул кылмыштуу топ Түркия Республикасынан кымбат баалуу дары-дармектерди жана зер

QR код аркылуу эки айда 1млрд 330млн сом бажы төлөмдөрү төлөндү

QR код аркылуу эки айда 1млрд 330млн сом бажы төлөмдөрү төлөндү

2025-жылдын октябрь айынын соңунда КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы QR код аркылуу бажы төлөмдөрүн ишке ашырууну жолго салган. Анын максаты, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары банк кассасына көз каранды болбостон, каалаган убагында бажы төлөмдөрүн төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ кылуу болгон. Ага ылайык, акыркы 2 айдын ичинде (октябрдын аягы) QR код

Таласта “Манас Ордо” жана “Баластандын” курулушу кызуу жүрүүдө

Таласта “Манас Ордо” жана “Баластандын” курулушу кызуу жүрүүдө

Талас облусунда “Манас Ордо” улуттук комплексин реконструкциялоо жана “Баластан” заманбап оюн-зоок борборун куруу иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, облус жетекчиси Эрмат Жумаев курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министринин орун басары Иманакун уулу Талантбек менен биргеликте курулуп жаткан объектилердин абалы менен жеринде таанышты.