Түркияда электр буюмдарын чыгаруучу завод сатыкка коюлду, КРга алып келсе болот

Түркияда электр буюмдарын чыгаруучу завод сатыкка коюлду, КРга алып келсе болот

Түркияда электр буюмдарын чыгаруучу завод сатыкка коюлду, 2 айда КРга алып келип беришет. Мындай маалымат Фейсбуктагы «Кыргыз азыктарын сатып ал!» Өндүрүш өнүгүүнүн негизи! (Покупай Кыргызское! Производство основа развития!) баракчасында жарыяланган.

Түркиянын Стамбул розеткалар, жарык өчүргүчтөр, ар кандай аксессуарлар, узарткычтар жана башка көптөгөн электр буюмдарын чыгаруучу завод сатылууда. Завод өндүрүштүн баштан аягына чейинки процессти камсыздоочу жабдыктар менен жабдылган.

Жарнаманы койгон Назгүл Асыранбекованын айтымында, заводдун арсеналында көп сандаган станоктор, калып чыгаруучу цех да бар. 300 калыпка салгычтар кошулуп берилет жана 2 айдын ичинде КРга жеткирилип, орнотулуп, адистер окутулуп, өндүрүштү ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Суралган баасы: 800 миң доллар.

 

Мындан тышкары окуңуз

Январ айында Кыргызстанда тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн көлөмү 5,5 млрд сомду түздү

Январ айында Кыргызстанда тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн көлөмү 5,5 млрд сомду түздү

Январь айында Кыргызстанда тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн көлөмү (учурдагы баалар менен эсептегенде) 5 млрд 569 млн 994,5 миң сомду түзгөнү статистикалык маалыматтарда айтылат. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын январында бул көрсөткүч 6 млрд 161 млн 838,2 миң сом болгон. Мунун натыйжасында номиналдык көрсөткүч боюнча өндүрүш көлөмү 591,8 млн сомго же

Базар-Коргондо 7,8 млн сомдук жер муниципалдык менчикке кайтарылды

Базар-Коргондо 7,8 млн сомдук жер муниципалдык менчикке кайтарылды

Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын аткарылышын жана сакталышын текшерүүнүн алкагында мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тактап айтканда, 2006-жылы Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн 1-Май айылынын аймагында жайгашкан, айыл чарба багытындагы жалпы аянты 9,2 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактардын

Мэрия комиссиясы "Бишкек ритуалдык кызматтар агенттиги" ишканасынын мыйзам бузууларын аныктады

Мэрия комиссиясы "Бишкек ритуалдык кызматтар агенттиги" ишканасынын мыйзам бузууларын аныктады

Муниципалдык "Бишкек ритуалдык кызматтар агенттиги" ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн жумушчу комиссия Бишкек шаарындагы бир катар көрүстөндөргө инспекциялык текшерүү жүргүзүп, бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Текшерүүгө комиссиянын төрайымы — шаар мэринин орун басары Виктория Мозгачева, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Таалайбек Дайырбеков жана Жаныбек Асанбеков катышты. Алгач текшерилген

Байтиктин Боз-Бөлтөгү "желип" баратат

Байтиктин Боз-Бөлтөгү "желип" баратат

Соцтармактарда дрон менен тартылган жаңы видео тарады. Анда тоонун капталын тилген ири карьерлер, топурак менен кумдун үймөлөрү жана дээрлик кыр чокусуна чейин жеткен техника так көрүнөт. Колдонуучулар тоо дээрлик жок болуп баратканын жазып, ал дагы канча жылга жетерин суроо кылышууда. Боз-Бөлтөк — борбор калаанын айланасындагы эң таанымал тоо массивдеринин бири. Ал