Жаңы даяр паспортторду дем алыш күндөрү да алса болот
Кыргызстандыктар жаңы даяр паспортторду дем алыш күндөрү ала алат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн адиси Дамира Азимбаева «Биринчи Радиого» маалымдады.
Анын айтуусуна караганда, мындай чара шайлоо алдында кайрылууларынын жогорулашына байланыштуу колдонулууда.
Паспорттун даярдыгы тууралуу маалыматты portal.tunduk.kg мамлекеттик кызмат порталынан, «Tunduk» мобилдик тиркемеси же Санариптик өнүктүрүү министрлигинин телефондук тейлөө борборунан 119 кыска номери аркылуу алууга болот.