Бизнести пландуу текшерүү 1-январдан кайра жанданат

Бизнести пландуу текшерүү 1-январдан кайра жанданат

Пандемия учурунда ишкерлерди колдоо максатында кабыл алынган мораторийдин мөөнөтү аяктагандыктан, 2022-жылдын 1-январынан тарта бизнести пландуу текшерүүлөр кайра жанданат.

Эскерте кетсек, өкмөт 2019-жылдын 1-январынан тарта текшерүүгө тыюу салуу чечимин кабыл алып, 2020-жылдын аягында бул мөөнөт дагы бир жылга узартылган.

Кыргызстанда эки жылдан бери ишкерлер 10 ыйгарым укуктуу орган тарабынан текшерүүдөн бошотулган болчу. Алар:

  • Соцфонд
  • Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги
  • Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик
  • Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы
  • Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы
  • Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция
  • Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти
  • Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти
  • Саламаттык сактоо министрлигине караштуу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти
  • Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу, көзөмөлдөө бөлүмү.

Белгилей кетсек, октябрь айында «Империя пиццы» кафелер тармагындагы массалык уулануудан кийин, тамак-аш азыктарын өндүрүү жана жүгүртүү менен алектенген объектилерди текшерүүгө тыюу алынып салынган.

Мындан тышкары окуңуз

Январ айында Кыргызстанда тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн көлөмү 5,5 млрд сомду түздү

Январ айында Кыргызстанда тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн көлөмү 5,5 млрд сомду түздү

Январь айында Кыргызстанда тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн көлөмү (учурдагы баалар менен эсептегенде) 5 млрд 569 млн 994,5 миң сомду түзгөнү статистикалык маалыматтарда айтылат. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын январында бул көрсөткүч 6 млрд 161 млн 838,2 миң сом болгон. Мунун натыйжасында номиналдык көрсөткүч боюнча өндүрүш көлөмү 591,8 млн сомго же

Базар-Коргондо 7,8 млн сомдук жер муниципалдык менчикке кайтарылды

Базар-Коргондо 7,8 млн сомдук жер муниципалдык менчикке кайтарылды

Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын аткарылышын жана сакталышын текшерүүнүн алкагында мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тактап айтканда, 2006-жылы Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн 1-Май айылынын аймагында жайгашкан, айыл чарба багытындагы жалпы аянты 9,2 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактардын

Мэрия комиссиясы "Бишкек ритуалдык кызматтар агенттиги" ишканасынын мыйзам бузууларын аныктады

Мэрия комиссиясы "Бишкек ритуалдык кызматтар агенттиги" ишканасынын мыйзам бузууларын аныктады

Муниципалдык "Бишкек ритуалдык кызматтар агенттиги" ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн жумушчу комиссия Бишкек шаарындагы бир катар көрүстөндөргө инспекциялык текшерүү жүргүзүп, бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Текшерүүгө комиссиянын төрайымы — шаар мэринин орун басары Виктория Мозгачева, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Таалайбек Дайырбеков жана Жаныбек Асанбеков катышты. Алгач текшерилген

Байтиктин Боз-Бөлтөгү "желип" баратат

Байтиктин Боз-Бөлтөгү "желип" баратат

Соцтармактарда дрон менен тартылган жаңы видео тарады. Анда тоонун капталын тилген ири карьерлер, топурак менен кумдун үймөлөрү жана дээрлик кыр чокусуна чейин жеткен техника так көрүнөт. Колдонуучулар тоо дээрлик жок болуп баратканын жазып, ал дагы канча жылга жетерин суроо кылышууда. Боз-Бөлтөк — борбор калаанын айланасындагы эң таанымал тоо массивдеринин бири. Ал