Нефтетрейдерлер дизель майынын баасын көтөрө башташты, АИ-92 декабрда кымбаттайт

Нефтетрейдерлер дизель майынын баасын көтөрө башташты, АИ-92 декабрда кымбаттайт

Кыргызстандын нефтетрейдерлери дизель майынын баасын акырындык менен көтөрө башташты. Буга чейин күйүүчү май арзан баада сатылып алгандыктан, анын баасы кармалып турган болчу.

Дизель майынын кымбатташы тууралуу 24-ноябрда Монополияга каршы мамлекеттик агенттикте ири нефтетрейдерлер менен болгон жумушчу жыйында айтылды. Жыйында күйүүчү-майлоочу майлардын (КММ) баасы, запасы боюнча маселелер каралганын ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Монополияга каршы мамлекеттик агенттик бүгүнкү күнгө чейин ири нефтетрейдерлерден АИ-92 үлгүсүндөгү бензинге болгон баанын өсүшүн ооздуктоого мүмкүн болгонун белгиледи. Бирок декабрь айынан тарта объективдүү себептерден улам нефтетрейдерлер жаңы келишимдерди жана учурдагы запастарды эске алуу менен АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасын акырындык менен көтөрө баштайт. Алардын билдиришинче, баанын кескин көтөрүлүшүнө жол берилбейт.

«Дизель майы эмитен эле кымбаттай баштады», – деп кошумчалашты ведомстводон.

Мындан тышкары окуңуз

Январ айында Кыргызстанда тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн көлөмү 5,5 млрд сомду түздү

Январ айында Кыргызстанда тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн көлөмү 5,5 млрд сомду түздү

Январь айында Кыргызстанда тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн көлөмү (учурдагы баалар менен эсептегенде) 5 млрд 569 млн 994,5 миң сомду түзгөнү статистикалык маалыматтарда айтылат. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын январында бул көрсөткүч 6 млрд 161 млн 838,2 миң сом болгон. Мунун натыйжасында номиналдык көрсөткүч боюнча өндүрүш көлөмү 591,8 млн сомго же

Базар-Коргондо 7,8 млн сомдук жер муниципалдык менчикке кайтарылды

Базар-Коргондо 7,8 млн сомдук жер муниципалдык менчикке кайтарылды

Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын аткарылышын жана сакталышын текшерүүнүн алкагында мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тактап айтканда, 2006-жылы Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн 1-Май айылынын аймагында жайгашкан, айыл чарба багытындагы жалпы аянты 9,2 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактардын

Мэрия комиссиясы "Бишкек ритуалдык кызматтар агенттиги" ишканасынын мыйзам бузууларын аныктады

Мэрия комиссиясы "Бишкек ритуалдык кызматтар агенттиги" ишканасынын мыйзам бузууларын аныктады

Муниципалдык "Бишкек ритуалдык кызматтар агенттиги" ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн жумушчу комиссия Бишкек шаарындагы бир катар көрүстөндөргө инспекциялык текшерүү жүргүзүп, бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Текшерүүгө комиссиянын төрайымы — шаар мэринин орун басары Виктория Мозгачева, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Таалайбек Дайырбеков жана Жаныбек Асанбеков катышты. Алгач текшерилген

Байтиктин Боз-Бөлтөгү "желип" баратат

Байтиктин Боз-Бөлтөгү "желип" баратат

Соцтармактарда дрон менен тартылган жаңы видео тарады. Анда тоонун капталын тилген ири карьерлер, топурак менен кумдун үймөлөрү жана дээрлик кыр чокусуна чейин жеткен техника так көрүнөт. Колдонуучулар тоо дээрлик жок болуп баратканын жазып, ал дагы канча жылга жетерин суроо кылышууда. Боз-Бөлтөк — борбор калаанын айланасындагы эң таанымал тоо массивдеринин бири. Ал