Президент: «Кумтөр» 100% мамлекетке өттү

Президент: «Кумтөр» 100% мамлекетке өттү

«Кумтөр» 100% мамлекетке өттү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров aryba.kg маалымат порталына берген маегинде билдирди.

Президенттин айтымында, «Кумтөр» талаш жок 100% мамлекетке өткөн.

«Чекит коюлду. «Кумтөр» талаш жок 100% мамлекетке өттү. Муну тигилер (канадалыктар) өздөрү да моюндады. Азыр кылмыш иштери жүрүп жатат. Бир топ атка минерлер камалышты. Тигилер тараптан дагы жоопко тартылчулар бар. Бираз убакыт керек. Бүтөөрү менен жыйынтык чыгарабыз. Сабыр этип тургула», – деди ал.

Мындан тышкары Садыр Жапаров 2012-жылы «Кумтөр мамлекетке өтсүн» деген демилгени көтөргөнүн, ошондо депутаттар колдогондо 8 млрд доллар тышка чыкпай мамлекетке калмак деген пикирин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Январ айында Кыргызстанда тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн көлөмү 5,5 млрд сомду түздү

Январ айында Кыргызстанда тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн көлөмү 5,5 млрд сомду түздү

Январь айында Кыргызстанда тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн көлөмү (учурдагы баалар менен эсептегенде) 5 млрд 569 млн 994,5 миң сомду түзгөнү статистикалык маалыматтарда айтылат. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын январында бул көрсөткүч 6 млрд 161 млн 838,2 миң сом болгон. Мунун натыйжасында номиналдык көрсөткүч боюнча өндүрүш көлөмү 591,8 млн сомго же

Базар-Коргондо 7,8 млн сомдук жер муниципалдык менчикке кайтарылды

Базар-Коргондо 7,8 млн сомдук жер муниципалдык менчикке кайтарылды

Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын аткарылышын жана сакталышын текшерүүнүн алкагында мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тактап айтканда, 2006-жылы Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн 1-Май айылынын аймагында жайгашкан, айыл чарба багытындагы жалпы аянты 9,2 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактардын

Мэрия комиссиясы "Бишкек ритуалдык кызматтар агенттиги" ишканасынын мыйзам бузууларын аныктады

Мэрия комиссиясы "Бишкек ритуалдык кызматтар агенттиги" ишканасынын мыйзам бузууларын аныктады

Муниципалдык "Бишкек ритуалдык кызматтар агенттиги" ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн жумушчу комиссия Бишкек шаарындагы бир катар көрүстөндөргө инспекциялык текшерүү жүргүзүп, бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Текшерүүгө комиссиянын төрайымы — шаар мэринин орун басары Виктория Мозгачева, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Таалайбек Дайырбеков жана Жаныбек Асанбеков катышты. Алгач текшерилген

Байтиктин Боз-Бөлтөгү "желип" баратат

Байтиктин Боз-Бөлтөгү "желип" баратат

Соцтармактарда дрон менен тартылган жаңы видео тарады. Анда тоонун капталын тилген ири карьерлер, топурак менен кумдун үймөлөрү жана дээрлик кыр чокусуна чейин жеткен техника так көрүнөт. Колдонуучулар тоо дээрлик жок болуп баратканын жазып, ал дагы канча жылга жетерин суроо кылышууда. Боз-Бөлтөк — борбор калаанын айланасындагы эң таанымал тоо массивдеринин бири. Ал