Акылбек Жапаров партиялардын программаларынан көп деле айырмачылыкты көрбөгөнүн билдирди
Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров партиялардын программаларынан көп деле айырмачылыктарды тапкан жок. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-ноябрда Бишкектеги №1142 шайлоо участогунда атуулдук милдетин аткарып жатып билдирди.
Анын айтымында, ар бир адам бакыт каалайт, бирок ага жетүүнүн жолдору өтө аз.
«Бул парламент партияларды бутуна тургузуп, программалардын, конкреттүү иш пландардын үстүндө иштей алат деп ишенели. Мен тилекке каршы, бардык программалардын ичинен мыктынынмыктысын эмес, болгонунун ичинен жакшысын тандап алдым. Бул биздин өлкө, биздин партиялар», – деди Жапаров.
Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Мындан бир жыл мурун, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоо мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине жана Садыр Жапаровдун бийликке келишине алып келген массалык нааразылык акцияларынан улам өтпөй калган.
Жогорку Кеңештин жаңы курамында 120 эмес, 90 депутат болот. Бүгүн катышып жаткандардын ичинен 54 талапкер депутат болуп келет жана ар бир округдан 36дан депутат шайланат. Шайлоо жарышына 21 партия жана 282 бир мандаттуу талапкер катышууда.