Кыргызстанда тамчылатып сугаруу системасынын жабдууларын чыгаруучу завод курулат

Кыргызстанда тамчылатып сугаруу системасынын жабдууларын чыгаруучу завод курулат

Москва районунда тамчылатып жана чачыратып сугаруу системалары үчүн жабдууларды өндүрүүчү завод куруу пландалып жатканын Кыргызстандын Түркиядагы Соода өкүлчүлүгү билдирди.

Долбоорду ишке ашыруу максатында түрк инвестору менен сүйлөшүүлөр жүрүп, өндүрүш комплексин Ак-Суу айыл аймагындагы 10 гектар жер тилкесине жайгаштыруу макулдашылды. 

Долбоордун инвестору — айыл чарба сугаруу тутумдарына адистешкен Akplas plastik sanayi ve ticaret A.S. түрк компаниясы. Заводдо полимердик түтүктөр, фитингдер, сууну чыпкалоо жана сепарациялоо жабдуулары чыгарылат.

Кыргыз тараптан долбоорду Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги коштоп жатат.

Бул өндүрүш суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, сугат суусунун жоготууларын азайтууга жана агрардык секторго заманбап технологияларды киргизүүгө шарт түзөт.

Мындан тышкары, заводдун ишке кириши жаңы жумуш орундарын түзүп, аймактын экспорттук потенциалын жогорулатат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек — Балыкчы жүргүнчү поезди каттай баштады

Бишкек — Балыкчы жүргүнчү поезди каттай баштады

Кыргыз темир жолу бүгүнтөн тарта Бишкек-2 — Балыкчы багыты боюнча жүргүнчү поезди кайрадан каттай баштаганын билдирди. Маалыматка ылайык, поезддин жүрүшү жайкы эс алуу мезгилинде жарандарга жана өлкө конокторуна Ысык-Көлгө ыңгайлуу жана коопсуз жетүүгө шарт түзөт. Каттамдын иш тартиби: 5-июндан 21-июнга чейин поезд жума, ишемби жана жекшемби күндөрү жүрөт; 26-июндан 13-сентябрга чейин

Беларустун Премьер-министри калдыктарды кайра иштетүүчү ишканага барды

Беларустун Премьер-министри калдыктарды кайра иштетүүчү ишканага барды

4-июнда Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин Кыргызстанга  болгон расмий сапарынын алкагында Бишкек санитардык полигонунун аймагына барды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев конокту тосуп алып, 2025-жылдын декабрь айында пайдаланууга берилген таштандыларды сорттоочу ишкананын иши менен тааныштырды. Бул объектте калдыктар сорттолуп,

Санкциялык саясат боюнча президенттин атайын өкүлү дайындалды

Санкциялык саясат боюнча президенттин атайын өкүлү дайындалды

Президенти Садыр Жапаров “Экономика жана коммерция министрин президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү кылып дайындоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, Бакыт Сыдыков санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди азайтуу маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды. Ал бул кызматты экономика жана коммерция министри кызматын айкалыштыруу менен аркалайт. Документке ылайык, Бакыт

Нарында мыйзамсыз курулуп жаткан имарат аныкталып, айып пул салынды

Нарында мыйзамсыз курулуп жаткан имарат аныкталып, айып пул салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, көзөмөлдөө иш-чараларынын жүрүшүндө Нарын шаарында жайгашкан объектте административдик имараттын (техникалык блоктун) курулушу архитектуралык-долбоорлоо жана уруксат берүүчү документтери жок жүргүзүлгөндүгү аны