Алтынбек Сулайманов: Жаңы шайлоо системасы элдин башын айландырып жатат
Жаңы шайлоо системасы элдин башын айландырганын байкап жатабыз. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Алтынбек Сулайманов добуш берүүдөн кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.
«Келечекте бир мандаттууну жоюу керектигине көзүбүз жетти окшойт. Анын артынан да чырлар, соттошуулар болот. Ошол себептен азыркы преференциалдык шайлоо системасы менен бирдиктүү системаны калтырсак, бир топ жеңил болмок. Себеби бир бюллетень берилип, сандарды жаттоо да оңой болмок. Азыр чаташып, аралашып кетти. Жаңы шайлоо системасы элдин башын айландырганын байкап жатабыз», — деди Сулайманов.
Сулайманов Бишкектин Свердлов районундагы №1219 шайлоо участогунда добуш берди.
Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Мындан бир жыл мурун, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоо мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине жана Садыр Жапаровдун бийликке келишине алып келген массалык нааразылык акцияларынан улам өтпөй калган.
Жогорку Кеңештин жаңы курамында 120 эмес, 90 депутат болот. Бүгүн катышып жаткандардын ичинен 54 талапкер депутат болуп келет жана ар бир округдан 36дан депутат шайланат. Шайлоо жарышына 21 партия жана 282 бир мандаттуу талапкер катышууда.