БШК: мыйзам бузуулар боюнча Чүй облусу биринчиде
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров шайлоонун жүрүшү тууралуу өткөргөн брифингде эртең мененки саат 8:00дөн түшкү саат 14:00гө чейин Ыкчам чара көрүү кординациялык тобуна жалпы 17 мыйзам бузуу келип түшкөнүн, эң көп мыйзам бузуу Чүй облусунда катталганын билдирди.
Аймактар боюнча:
- Бишкек шаарында – 1
- Баткен облусунда – 3
- Жалал-Абад облусунда – 1
- Ысык-Көл облусунда – 1
- Ош облусунда – 2
- Чүй облусунда – 9 мыйзам бузуу катталган.
Ошондой эле үгүт эрежелерин бузуу боюнча 5, автоматташтырылган эсептөө урналарынын иштөөсүндө пайда болгон көйгөйлөр боюнча 5 кайрылуу келип түшкөн.
Бирок шайлоого «Клооптон» Кыргызстан боюнча 1400 байкоочу жана штаттан тышкаркы журналисттер көз салып турат, алар 50дөн ашык мыйзам бузууларды кабарлашкан.
Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Мындан бир жыл мурун, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоо мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине жана Садыр Жапаровдун бийликке келишине алып келген массалык нааразылык акцияларынан улам өтпөй калган.
Жогорку Кеңештин жаңы курамында 120 эмес, 90 депутат болот. Бүгүн катышып жаткандардын ичинен 54 талапкер депутат болуп келет жана ар бир округдан 36дан депутат шайланат. Шайлоо жарышына 21 партия жана 282 бир мандаттуу талапкер катышууда.