БШК сайттагы мүчүлүштүккө комментарий берди. Тышкы визуалдаштыруу таблицасындагы формула туура эмес көрсөтүлүп калган

БШК сайттагы мүчүлүштүккө комментарий берди. Тышкы визуалдаштыруу таблицасындагы формула туура эмес көрсөтүлүп калган

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүнүн жыйынтыгы мекеменин сайтында онлайн көрсөтүлүп жаткан учурдагы үзгүлтүккө учуроо тууралуу «Азаттыкка» комментарий берди. Шайлдабекова негизги системада үзгүлтүк болбогонун, эч кандай зыян тийбегенин билдирди.

«Системанын эки таблицасын көрө алдыңыздар. Негизги таблицасы ичинде, ал жерде участоктордон келип түшүп жаткан маалыматтар. Сырткы визуалдаштырууга сиздерге ыңгайлуу болушу үчүн сыртына да кыскартылган таблица түзүп бергенбиз. Ошол таблицада 7 деген позиция 7А деген позиция менен кыска мөөнөткө кошулуп калды. Тышкы визуалдаштыруу таблицасындагы формула кичине туура эмес көрсөтүлүп калды. Бирок тышкы таблица системанын бөлүгү эмес. Системаны ыңгайлуу форматта чагылдыруу үчүн гана жайгаштырылган ошол жерге. Бул жерде эч кандай зыян жок», – деди ал.

Шайлдабекова автоматтык эсептөөчү урналардын жыйынтыгы алдын ала гана жыйынтык экенин кошумчалап, ал юридикалык мааниге ээ эмес экени мыйзамда көрсөтүлгөнүн, бирок кол менен эсептөөнүн жыйынтыгынан көп айырма болбосун белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң