Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү.

Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң сомго азайган.

Ошол эле учурда 2026-жылдын отчеттук айында физикалык көлөм индекси 116,1%ды түзгөн (2025-жылы — 103,1%).

Мындан тышкары окуңуз

ШКУ жыйыны: Кыргызстан өнөр жай кызматташтыгын чыңдоону сунуштады

ШКУ жыйыны: Кыргызстан өнөр жай кызматташтыгын чыңдоону сунуштады

5-июнда Чолпон-Атада Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин кеңешмеси өтүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында уюштурулуп, өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана мамлекеттер ортосундагы экономикалык байланышты чыңдоого багытталган. Кеңешмеге Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана коммерция министри Бакыт

Энергетиктерге жаңы техникалар тапшырылды

Энергетиктерге жаңы техникалар тапшырылды

Энергетика тармагын модернизациялоо жана инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо багытында Энергетика министрлиги тарабынан иштер ырааттуу түрдө жүргүзүлүүдө. Бул иштердин алкагында 41 даана атайын техника расмий түрдө тапшырылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков жана Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин катышуусунда өтүп,

Манас шаарындагы автобекеттин курулушу текшерилди

Манас шаарындагы автобекеттин курулушу текшерилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына караганда, иш-чаранын алкагында Манас шаарындагы муниципалдык базардын курулушу жана автобекеттин курулушу текшерилди. Текшерүүнүн жүрүшүндө, автобекеттеги асфальт ба

Мындан ары ректор болуш үчүн окумуштуулук наам милдеттүү болбойт

Мындан ары ректор болуш үчүн окумуштуулук наам милдеттүү болбойт

Министрлер Кабинети мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ректорлорун дайындоо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди. Жаңы тартипке ылайык, эми мамлекеттик университеттердин жетекчилери үчүн окумуштуулук наамга ээ болуу милдеттүү талап болбойт.  Бирок талапкерлер жогорку билимге, илим кандидаты же PhD даражасына жана кеминде беш жылдык илимий-педагогикалык тажрыйбага ээ болушу керек. Ошондой эле маданият жана искусство тармагындагы