Чет өлкөдөгү 84 миң шайлоочунун 4.7 миңи гана добуш берди
Чет өлкөдөгү шайлоо участкаларында катталган шайлоочулардын 5% гана добуш берген. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Чет өлкөдөгү шайлоочулардын акыркы тизмесине 84 миң 128 кыргызстандык кирди. Ошол эле учурда Бишкек убактысы боюнча саат 16:00гө карата жалпы шайлоочулардын саны 4689 адамды түздү.
КРнын бардык чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрү штаттык режимде ишин улантууда. Жалпысынан шайлоо процесси тиешелүү деңгээлде жүрүп жатат. Жабдуулардын техникалык бузулушуна байланыштуу айрым учурлар катталып, алар жоюлганын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Мындан бир жыл мурун, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоо мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине жана Садыр Жапаровдун бийликке келишине алып келген массалык нааразылык акцияларынан улам өтпөй калган.
Жогорку Кеңештин жаңы курамында 120 эмес, 90 депутат болот. Бүгүн катышып жаткандардын ичинен 54 талапкер депутат болуп келет жана ар бир округдан 36дан депутат шайланат. Шайлоо жарышына 21 партия жана 282 бир мандаттуу талапкер катышууда.