Эдил Байсалов: БШКнын сайтындагы мүчүлүштүккө Министрлер кабинетинин тиешеси жок

Эдил Байсалов: БШКнын сайтындагы мүчүлүштүккө Министрлер кабинетинин тиешеси жок

БШКнын сайтындагы мүчүлүштүккө Министрлер кабинетинин тиешеси жок. Бул тууралуу Эдил Байсалов «Азаттыкка» билдирди. Эскерте кетсек, БШКнын сайтында олуттуу мүчүлүштүк кетип, кээ бир партиялардын добуштары жоголуп кеткен.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгындагы мүчүлүштүккө Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана төрайымы түшүндүрмө бериши керектигин айтты.

«Министрлер кабинетинин буга эч кандай тиешеси жок. Президенттин администрациясы катардагы жарандардай эле экрандан жыйынтыкты көрүп турдук, катардагы жарандардай эле суроолорубуз көп. Түшүнгөн жокпуз», – деди ал.

Ошондой эле бул жыйынтыктын артынан жаралган ызы-чууну мамлекеттүүлүккө доо кетирген чагымга теңеп, нааразы болгон партия өкүлдөрүн сабырдуулукка чакырды. Ал жалпы жыйынтык электрондук системанын маалыматы менен эмес, бюллетендер колдо саналып бүткөндө аныкталарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев дагы шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болуп, бюллетендер колдо саналыш керек деген болчу.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң