Хабаровск: шайлоо жыйынтыкталды, биринчиде «Ата Мекен»

Хабаровск: шайлоо жыйынтыкталды, биринчиде «Ата Мекен»

Хабаровск шаарындагы (Россия) №9021 участогунда бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоо жыйынтыкталды. Маалыматка ылайык, «Ата Мекен» партиясы биринчиге чыкты.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча чекти Super.kg маалымат порталы жарыялады.

Чектеги маалыматка ылайык, добуш берүүгө 111 адам катышкан. Анын ичинен 23 киши «Ата Мекен» партиясын шайлаган. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы — 22 жана «Ыйман Нуру» — 18 добуш менен алдыңкы үчтүккө кирди. Ал эми эки адам «Баарына каршы» добуш берди.

  • «Ынтымак» — 8;
  • «Ишеним» — 8;
  • «Ата-Журт Кыргызстан» — 8;
  • «Альянс» — 4;
  • «Улуу Журт» — 4;
  • «Азаттык» — 3;
  • «Улуттар Биримдиги» — 3;
  • «Эл үмүтү» — 3;
  • «Мекенчил эл» — 2;
  • «Кыргызстан Жашылдар партиясы» — 1;
  • «Кыргызстанды Өнүктүрүүчү Патриоттук партиясы» — 1.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэриясы жыл ичиндеги иш-чараларды алып барууга 1,5 млн сомго тендер жарыялады

Бишкек мэриясы жыл ичиндеги иш-чараларды алып барууга 1,5 млн сомго тендер жарыялады

Бишкек мэриясынын маданият башкармалыгы  2026-жыл ичинде иш-чараларды алып баруучулардын кызматын сатып алуу боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 1,5 млн сом жумшоо пландалууда. Техникалык тапшырмага ылайык, 2026-жылы өтө турган төмөнкү маданий иш-чараларда алып баруучулардын кызматы талап кылынат: * Кыргыз Республикасынын Туу күнү (3-март); * Нооруз майрамы

Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана баасы жарандарга ачык, жеткиликтүү болот

Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана баасы жарандарга ачык, жеткиликтүү болот

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду. Документ медициналык кызмат көрсөтүүчүлөрдү алардын сапаты жана көрсөтүү шарттары тууралуу толук маалымат берүүгө милдеттендирет. Мыйзамга киргизилген түзөтүүлөрдөн кийин камсыздандырылган кыргызстандыктар медициналык кызматтардын түрлөрү, сапаты жана баасы жөнүндө ишенимдүү маалымат алууга укук алышты. Клиникалар камсыздандырылган

Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Эни өлкөнүн Башкы ракеталык башкармалыгынын жетекчиси кылып дайындады

Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Эни өлкөнүн Башкы ракеталык башкармалыгынын жетекчиси кылып дайындады

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Эни өлкөнүн Башкы ракеталык башкармалыгынын жетекчиси кылып дайындаганын The Chosun Daily басылмасы жогорку кызматтагы аткаминерге таянып жазганын "Азаттык" жарыялады. 2023-жылдан бери бул кызматты мурда Улуттук коргонуу академиясын жетектеген Чан Чхан Ха аркалаганы расмий айтылып келген.   The Korea Timefuf басылмасы

Кыргызстанда тамчылатып сугаруу системасынын жабдууларын чыгаруучу завод курулат

Кыргызстанда тамчылатып сугаруу системасынын жабдууларын чыгаруучу завод курулат

Москва районунда тамчылатып жана чачыратып сугаруу системалары үчүн жабдууларды өндүрүүчү завод куруу пландалып жатканын Кыргызстандын Түркиядагы Соода өкүлчүлүгү билдирди. Долбоорду ишке ашыруу максатында түрк инвестору менен сүйлөшүүлөр жүрүп, өндүрүш комплексин Ак-Суу айыл аймагындагы 10 гектар жер тилкесине жайгаштыруу макулдашылды.  Долбоордун инвестору — айыл чарба сугаруу тутумдарына адистешкен Akplas plastik sanayi ve