Ош: Алдын ала жыйынтык боюнча Айбек Осмонов алдыда

Ош: Алдын ала жыйынтык боюнча Айбек Осмонов алдыда

Ош округу боюнча талапкерлигин койгон депутат Айбек Осмонов шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен добуштардын дээрлик 50%ын алды. Учурда автоматтык эсептөөчү урналардын 96.6%ы саналып бүткөнүн kloop.kg билдирди.

Ушул эле округ боюнча Бекболот Арзибаев, Эмил Сайпидинов, Жамбылбек Камчиев, Бахтияржан Фаттахов, Дайыр Сагынбаев жана Нурбакыт Маматалиев талапкер болгон.

Айбек Осмонов парламентке 2021-жылдын жылдын 15-мартында келген. Ал коомчулукта партиялардын негиздөөчүсү катары белгилүү.

Аталган басылманын маалыматына таянсак, Осмонов негиздеген «Мекеним Кыргызстан» өткөн жылдагы парламенттик шайлоонун астында Матраимовдордун үй-бүлөсүнө жана тарапташтарына өтүп кеткен.

Кийинчерээк Осмонов «Ыйман Нуру» партиясын негиздеген, бирок анын тизмесинен да чыгып, парламенттик шайлоого катышуудан баш тарткан.

Ошол кезде «Ыйман Нуру» партиясынын теңтөрагасы болгон Чыңгыз Макешов буга экс-бажычы Райымбек Матраимовдун Осмоновго карата жасаган басымы себеп болгонун айткан.

Андан соң Осмонов «Биздин Кыргызстан» партиясын негиздеп, партия 2021-жылы жергиликтүү кеңешке өткөн шайлоолорго катышкан.

Депутат өзү ишкерлик менен алектенет. Ал бир тууганы Нурбек Осмонов менен бирге «Каганат Инвест» холдингине ээлик кылат. Бул холдингдин ичинде «Ихлас» («Кыргыз Каганат») курулуш компаниясы, Оштогу электромобиль чыгаруучу «Кыргыз унаа курулуш» жана «Кыргыз Текстиль ЛТД» бар дейт жогоруда аты аталган портал.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң