Текебаев: Мындай шайлоону көргөн эмесмин, бюллетендерди кол менен санап чыгыш керек

Текебаев: Мындай шайлоону көргөн эмесмин, бюллетендерди кол менен санап чыгыш керек

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин  VII чакырылышына шайлоонун жыйынтыгы тууралуу пикирин билдирип, шайлоо таза өтпөгөнүн айтты.

«Мен мындай шайлоону көргөн эмесмин. Былтыр паракорчулук болсо, быйыл бүт система өзгөрдү. Бул сандарды кечээ мага бир журналист берген болчу. Эдил Байсалов ага азыр биз көрүп жаткан сандарды бериптир. Керек болсо, мен калп детекторунан да өтүүгө даярмын», – деди ал.

Текебаевдин айтымында, бюллетендердин 10%га жакыны бузулган. Ал жыйынтыктар бурмаланганын айтууда.

«Өзүбүздүн сурамжылоо боюнча биз 8-10% төмөн түшпөй келе жатканбыз. Бийликчил партиялар 4%га жеткен эмес. БШКнын сайты биринчи көрсөткөндө биздин партия 71 миңден кем эмес добуш алган. Сайтты өчүрүп, кайра күйгүзгөндө добуштардын саны 41 миңге түшүп калды. Бул деген биздин талапкерлер Али Токтакуновдун, Тилек Токтогазиевдин, Наталья Никитенконун, Клара Сооронкулованын добуштары башкаларга кетти дегенге жатат», – дейт ал.

БШКнын шайлоо жыйынтыгы тууралуу автоматтык эсептелген алгачкы маалыматында «Ата Мекен» партиясы 6.45% добуш алганы көрсөтүлгөн. Автоматтык саноо системасы үзгүлтүккө учурагандан кийин партиянын добушу 3.4% болгону жазылды.

Партия мүчөсү Наталья Никитенко дагы жаңы системага ишенбей турганын билдирди. «Бул фальсификация. Белгилүү бир убакта бизде 71 миңден ашык добуш бар болчу, система токтоп калып, бизде 40 миңден бир аз ашык эле добуш калды», – деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Мындан бир жыл мурун, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоо мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине жана Садыр Жапаровдун бийликке келишине алып келген массалык нааразылык акцияларынан улам өтпөй калган.

Жогорку Кеңештин жаңы курамында 120 эмес, 90 депутат болот. Бүгүн катышып жаткандардын ичинен 54 талапкер депутат болуп келет жана ар бир округдан 36дан депутат шайланат. Шайлоо жарышына 21 партия жана 282 бир мандаттуу талапкер катышууда.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң