«Айыл Банктын» коррупция боюнча иштерин иликтөө башталды – элге берилчү жеңилдетилген кредиттер депутаттарга берилген

«Айыл Банктын» коррупция боюнча иштерин иликтөө башталды – элге берилчү жеңилдетилген кредиттер депутаттарга берилген

«Айыл Банк» ААКдагы жөнөкөй жарандарга, фермерлерге берилчү жеңилдетилген кредиттер мамлекеттик кызматкерлерге, депутаттарга берилип келген. Бул коррупция фактысы боюнча иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, президенти Садыр Жапаровдун КРнын Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтылган тапшырмасына ылайык, УКМК 100% акциясы мамлекетке тиешелүү болгон «Айыл Банк» ААК ишмердүүлүгүнүн ар кандай чөйрөлөрүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү текшерди.

«Текшерүүнүн жыйынтыгында, «Айыл Банк» ААК тарабынан айрым компанияларга өтүмсүз мүлктү күрөөгө коюу боюнча ири өлчөмдөгү кредиттерди мыйзамсыз жана туура эмес бөлүп берүү фактылары боюнча маалыматтар тастыкталды.

Мындан тышкары, аталган насыялар калктын социалдык жактан аялуу катмарына, ошондой эле дыйканчылыкты жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталганы, чындыгында бул кредиттердин Банкка төлөмдөр боюнча чоң карызы бар экендиги аныкталды», –  деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Буга байланыштуу УКМК тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, анын алкагында тергөө тарабынан, жасалган кылмыштын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштү иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча «Айыл Банк» ААКтын жооптуу адамдарынын жана башка жактардын аракеттерине юридикалык баа берилип, бул тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берилээрин УКМК билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң