Ар бир онунчу добуш эсептелген жок – бюллетендер жараксыз деп табылды

Ар бир онунчу добуш эсептелген жок –  бюллетендер жараксыз деп табылды

Кечээ, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодогу бюллетендердин 9.64%ы, тагыраак айтканда, 116 246сы жараксыз деп табылды. Таптакыр белги коюлбаган жана башка каталары бар бюллетендер эсептен чыгарылганын БШКнын маалымат кызматы билдирди.

БШКнын маалыматына караганда, добуш берүүгө укуктуу 3 млн жарандын ичинен шайлоого алардын 30%ы гана катышкан.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5%дык чектен өтүп, шайлоодо утканы айтылууда. Алар:

  • «Ата-Журт Кыргызстан» – 16%
  • «Ишеним» – 13%
  • «Ынтымак» – 10%
  • «Альянс» – 8%
  • «Бүтүн Кыргызстан» – 6%
  • «Ыйман нуру» 5% добуш алган.

Бирок кечээ БШКнын сайтындагы кетирилген мүчүлүштүтөрдөн улам, бүгүн төрт партия кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда. Бирок БШКнын  төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этпегенин билдирген. Президент Садыр Жапаров болсо кечээ өзүнүн Фейсбук баракчасында добуштар саналбай калганын билдирген партияларга кайрылуусун жарыялап, БШК керт башы менен жооп берерин айткан.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң