Добуштарды эсептөөдөгү катачылыктан улам төрт партия кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылууда
«Ата Мекен», «Социал-демократтар», «Азаттык», «Улуттар биримдиги» партиялары кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылып жатканын жарыялашты. Бул тууралуу талаппкерлер «Ата Мекен» партиясынын штабында өткөн жалпы жыйында билдиришти.
«Ата Мекен» партиясынын тизмесименен шайлоого катышкан Өмүрбек Текебаев, Клара Сооронкулова, Али Токтакунов, Тилек Токтогазиев, «Социал-Демократтар партиясынан» талапкер Рыскелди Момбеков, «Азаттык» партиясынан Исмаил Исаков, жана «Улуттар биримдигинен» Мелис Мырзакматов, Артур Медетбеков, Эржан Кайыпов маалымат жыйын өткөрүп, парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, эмне себептен БШКнын сервери 40 мүнөт иштебей турганы боюнча атайын иликтөө жүргүзүүнү талап кылышты.
«Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев БШКнын сайтындагы мүчүлүштүктөрдөн кийин алардын жыйынтыгы 2.5-3 эсеге азайып, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди.
«Ата Мекендин» дагы бир талапкери Клара Сооронкулова шайлоону таза өткөрүү президенттин милдети экенин айтты.