Садыр Жапаров: БШК керт башы менен жооп берет

Садыр Жапаров: БШК керт башы менен жооп берет

Президент Садыр Жапаров кечээ өзүнүн Фейсбук баракчасында добуштар саналбай калганын билдирген партияларга кайрылуусун жарыялады.

Анын айтымында бюллетендерди кол менен санап чыгууга эч ким тоскоол болбойт.

«Борбордук шайлоо комиссиясынын серверинде “сбой” болду, добуштарды уурдады деп ызы чуу салып жаткан партияларга айтаарым: бюллетендерди кол менен санап чыгууга силерге эч ким тоскоол болбойт. Кол менен санап чыккыла. Толук санап чыгып, ар бир нааразы болгон партиялар ынанмайынча бюллетендер эч жака жылбаш керек. Эгер чындап эле БШК жасалма кылган болсо, БШКнын баардык мүчөлөрү жоопко тартылышат. Керт баштары менен жооп беришет», – деп жазган ал.

Жапаровдун билдиришинче, бийлик тараптап эч кандай кийлигишүү болгон эмес.

«Бийлик тараптан шайлоо процессине кийлигишпегендей эле БШКнын ишине дагы эч ким кийлигишкен жок. Эгер ким кийлигишкен болсо БШКнын мүчөлөрү ачык айткыла», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Ой эс алуу аймагында саркынды сууларды тазалоочу жай курулат

Кара-Ой эс алуу аймагында саркынды сууларды тазалоочу жай курулат

Ноокат районуна караштуу "Кыргыз-Ата" мамлекеттик жаратылыш паркынын Кара-Кой эс алуу аймагында саркынды сууларды тазалоочу жайдын курулушу башталганын "Кабар" агенттигине президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирген.   Аталган жайды курууга өлкөнүн Турукташтыруу фондунан 385,8 млн сом каралган. Долбоордун башкы аткаруучусу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Талас көчмө механизациялаштырылган отряды”

Кыргызстандын, Кытайдын курулуш материалдарын чыгарган компаниялары жолугушту

Кыргызстандын, Кытайдын курулуш материалдарын чыгарган компаниялары жолугушту

Экономика министрлигине караштуу Кытайдагы Соода өкүлчүлүгү Үрүмчү шаарында Курулуш министрлиги менен биргеликте кыргызстандык жана кытайлык курулуш материалдары боюнча компаниялардын жолугушуусун уюштурганын Экономика министрлиги маалымдады. Ведомствонун маалыматына ылайык, иш-чарага түз жеткирүүлөрдү жолго коюу жана курулуш материалдарын жаңыртуу маселелерин карап жаткан 30дан ашуун ири кыргыз курулуш жана девелопердик компаниялардын өкүлдөрү катышты. Кытай

Быйыл авикаттамдар менен дүйнө жүзүндө 5 млрд адам учкан

Быйыл авикаттамдар менен дүйнө жүзүндө 5 млрд адам учкан

2026-жылы аба каттам жүргүнчүлөрүнүн саны жаңы рекорддук деңгээлге жетип, 5,2 миллиарддан ашат. Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) жаңы баяндамасына ылайык, 2025-жылы дээрлик 5 миллиард адам авиакаттамдар менен учкан. Божомолдорго караганда, келерки жылы тармак өсүшүн улантып, дүйнөлүк жүргүнчүлөр агымы 4,4%га көбөйөт. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн жалпы саны 5,2

Россияда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган  медаль чыкты

Россияда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган медаль чыкты

Россияда улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовго арналган уникалдуу эстелик медаль жасалганын "Российская газета" басылмасы кабарлады. Медаль "Дубровин" куюу үйүндө 999-сыноодогу таза күмүштөн жасалган. Медалдын бет тарабында Чыңгыз Айтматовдун профили жана анын белгилүү "Кылым карытар бир күн" романынын аталышы чегилген. 21 нускадан турган алгачкы партиясы