Садыр Жапаров: Ооба, мен добушумду Равшан Жээнбековго бердим

Садыр Жапаров: Ооба, мен добушумду Равшан Жээнбековго бердим

Президент Садыр Жапаров өзүнүн Фейсбук баракчасында добушун камактагы Равшан Жээнбековго бергени тууралуу билдирүү жасады.

Анын айтымында, көптөгөн талапкерлер президент эмнеге добушун аларга бербегенин айтып таарынышкан.

«Ооба. Мен добушумду камакта жаткан талапкер Равшан Жээнбековго бердим. Ал азыр камакта. Анын күнөөлүү же күнөлүү эмес экенин укук коргоо органдары менен сот чечет. Алардын иштерине кийлигишкенге эч кимибиздин акыбыз жок. Мындан ары система анан мыйзамдар так иштеш керек. Кыргызстандыктар ошого көнүшүбүз керек», – деди ал.

Мындан тышкары, ал эмне үчүн добушун Жээнбековго бергенин түшүндүрүп, ага боору ооруганын билдирген.

«Камакта жаткан адамдар мейли күнөөсү барбы же жокпу анысына карабай мусапыр болушат. Боорум ооруйт. Андан сырткары, Равшан Жээнбеков 2017-жылдагы менин ахыбалымдай камакта жатат. Мен да 2017-жылы камакта жатып президенттик шайлоого катышам деп арыз бергем. Бирок мени Атамбаев шайлоого катыштырган эмес. Равшан болсо катышып жатат. Балким, өтүп кетсе, камактан чыгып калаар беле деген эле оюм болду. Башка эч бир сыры жок. Кудай өзү көрүп турат. Саясатташтырбагыла», – деп жазат президент билдирүүсүндө.  

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров кечээги шайлоодо Равшан Жээнбековго добуш бергендиги тууралуу айтылган болчу. Борбор Азия боюнча Eurasinet чет элдик басылмасынын редактору Питер Леонард твиттерде жарыялаган чоңойтулган сүрөттө мамлекет башчынын кайсы талапкердин тушуна белги койгону көрүнүп калган.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң