Шайлдабекова митингчилердин алдына чыкты – партиялардын мүчөлөрүн БШКга чакырды

Шайлдабекова митингчилердин алдына чыкты – партиялардын мүчөлөрүн БШКга чакырды

Шайлоонун жыйынтыгына макул болбогон партиялар БШКнын имаратынын жанына митингге чыгышты. Алар БШКнын сайтында кетирилген мүчүлүштүккө байланыштуу кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда. Митингчилердин алдына чыккан БШКнын төрайымы Шайлдабекова шайлоонун жыйынтыгы кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча чыгарылаарын билдирди.

«БШКдагы кетирилген каталар үчүн кечирим сурайм, бирок технология так иштейт. Бул алдын ала маалыматтар. Юридикалык мааниге ээ эмес. Жыйынтыгы кол менен саноонун жыйынтыгы боюнча чыгарылат. Учурда протоколдор келип түшүп жатат. Мыйзам бузгандар болсо жоопкерчиликке тартылат. Саясий партиялардын өкүлдөрүн БШКга чакырабыз», – деди ал.

Ал эми «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, көптөгөн мыйзам бузуулар добуш берүүнүн тазалыгына шек келтирди.

«Мунун баары шектенүүнү пайда кылып, ири масштабдуу борборлоштурулган фальсификация жөнүндө ойлорду жаратат. Демократия жана саясий стабилдүүлүк чыгымдарды талап кылат жана мен аны татыктуу деп эсептейм. Болбосо экономика да, ишеним да, саясий стабилдүүлүк да болбойт», – деди ал.

Эске сала кетсек, «Ата Мекен», «Социал-демократы», «Азаттык», «Улуттар Биримдиги» партиялары кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылып жатышканын билдиришкен. Алардын айтымында, БШКнын сайтындагы мүчүлүштүктөн кийин алардын жыйынтыгы 2.5-3 эсеге азайып, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай жатышат.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң