БШК: Маалыматтарды жарыялоодо адис санды жаңылышып эки жолу көбөйтүп алган

БШК: Маалыматтарды жарыялоодо адис санды жаңылышып эки жолу көбөйтүп алган

БШК, 28-ноябрдагы сайттагы мүчүлүштүктөрдү АСУдан алган маалыматтарды жарыялоодо адис санды жаңылышып, эки жолу көбөйтүп алгандан келип чыкты, бул калькуляциялоодогу механикалык ката деп түшүндүрдү.

«Жашыл квадраттын ичи участкалык шайлоо урналар менен БШКда жайгашкан сервер. 20:00 дөн кийин участкалык комиссия бардык мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөлүндө автоматташтырылган эсептөөчү урнанын (АСУ) жыйынтыктоочу отчетун (чекти) басып чыгарат. Ошол эле учурда автоматташтырылган эсептөөчү урнанын (АСУнун) маалыматтары АСУнун жыйынтыктоочу отчету басылып чыгары менен автоматтык түрдө дароо серверге жөнөтүлөт», – деп билдирет БШК.

Сервер болсо маалыматтарды автоматтык түрдө  кызыл квадрат менен белгиленген, БШКнын Маалыматтык шайлоо системасынын сайтына жарыялайт.

БШКнын берген маалыматына караганда, БШК адиси маалыматтык шайлоо системасынын сайтына АСУдан алган маалыматтарды жарыялоодо санды жаңылышып эки жолу көбөйтүп алган (калькуляциялоодогу механикалык ката). Бир нече убакыттан кийин БШК адиси маалыматтарды визуалдаштыруудагы формуланы оңдогон.

«Мында белгилей кетчү жагдай, АСУда да (автоматташтырылган эсептөөчү урна) жана негизги системада да маалыматтар өзгөрүүсүз калат. Аталган система иши үзгүлтүккө учурабайт, жаңылбайт. Бүгүн да так иштеп жатат. Бул жаңылыштык өтпөй калган эле партияларга эле эмес, бардыгына бирдей болгон.

Урна (АСУ) менен серверге эч ким кире албайт. Кирем десең да кире албайсың. Ал автоматташтырылган компьютер системасы. Адам фактору аралаша албайт. Сервер болгону добуштарды эсептеп чыгарып берет. Тагыраак айтканда, шайлоо бүтөөрү менен жыйынтыгын алдын ала чыгарып берүүчү гана ролду аткарат. Ал эми акыркы так жыйынтыкты кол менен санап бүткөндөн кийин гана чыгарабыз. Мыйзам боюнча да кол менен санап бүткөндөн кийинки жыйынтык мыйзамдуу деп эсептелет», – деп билдирет БШК.

Бирок ошондо да, сервер берген жыйынтык менен колго санаган жыйынтыктын ортосунда анча көп айырма чыкпайт. Себеби, АСУ (урна) жараксыз деп эсептеген бюллетендерди байкоочулар менен комиссиялар жарактуу деп эсептеген учурлар болот.

Анткени шайлоочулар койгон “галочка” квадраттан чыгып кетсе, АСУ (урна) аны жараксыз деп эсептеп коет. Аны участкалык комиссия менен байкоочулар макулдашып, жарактуу десе, тийиштүү акт түзүлүп, катышкандар бардыгы кол коюп, ал бюллетендер жарактуу болуп эсептелет.

Кол менен саноо талапкерлердин, партия жана коомдчук уюмдардын байкоочуларынын катышуусунда ачык-айкын жүргүзүлөт.

«Бизде жашыра турган эч нерсе жок. Ошондуктан, бардык нааразы болгон тараптарды кол менен санаганга катышууга чакырып жатабыз. Келиңиздер. Катышыңыздар. Кол менен санап чыгуу үчүн 2-3 күн убакыт кетет. Бизде жашыруун эч нерсе жок. Ал эми БШК бюллетендерди түнү менен алмаштырат деп күмөн санап жаткан саясатчыларга айтарыбыз: бизде жалпысынан республика боюнча 31 000 шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бар.

Алардын арасында сиздердин да өкүлдөрүңөр бар да. Анан элестетиңиздер, 31 000 адам менен бюллетендерди көтөрүп алып алмаштырып чуркап жүргөнүбүздү. Бул абсурд. Азыркы убакта кыңыр иш кырк мүнөттө эле билинип калган заман. Бири бирибизден күмөн санабай эле коелу. Ар бир берилген добуш, 100 пайыз шайлоочулардын өздөрүнө таандык. Биз аны толук камсыз кылабыз», – деп кошумчалашты БШКдан.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Ой эс алуу аймагында саркынды сууларды тазалоочу жай курулат

Кара-Ой эс алуу аймагында саркынды сууларды тазалоочу жай курулат

Ноокат районуна караштуу "Кыргыз-Ата" мамлекеттик жаратылыш паркынын Кара-Кой эс алуу аймагында саркынды сууларды тазалоочу жайдын курулушу башталганын "Кабар" агенттигине президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирген.   Аталган жайды курууга өлкөнүн Турукташтыруу фондунан 385,8 млн сом каралган. Долбоордун башкы аткаруучусу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Талас көчмө механизациялаштырылган отряды”

Кыргызстандын, Кытайдын курулуш материалдарын чыгарган компаниялары жолугушту

Кыргызстандын, Кытайдын курулуш материалдарын чыгарган компаниялары жолугушту

Экономика министрлигине караштуу Кытайдагы Соода өкүлчүлүгү Үрүмчү шаарында Курулуш министрлиги менен биргеликте кыргызстандык жана кытайлык курулуш материалдары боюнча компаниялардын жолугушуусун уюштурганын Экономика министрлиги маалымдады. Ведомствонун маалыматына ылайык, иш-чарага түз жеткирүүлөрдү жолго коюу жана курулуш материалдарын жаңыртуу маселелерин карап жаткан 30дан ашуун ири кыргыз курулуш жана девелопердик компаниялардын өкүлдөрү катышты. Кытай

Быйыл авикаттамдар менен дүйнө жүзүндө 5 млрд адам учкан

Быйыл авикаттамдар менен дүйнө жүзүндө 5 млрд адам учкан

2026-жылы аба каттам жүргүнчүлөрүнүн саны жаңы рекорддук деңгээлге жетип, 5,2 миллиарддан ашат. Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) жаңы баяндамасына ылайык, 2025-жылы дээрлик 5 миллиард адам авиакаттамдар менен учкан. Божомолдорго караганда, келерки жылы тармак өсүшүн улантып, дүйнөлүк жүргүнчүлөр агымы 4,4%га көбөйөт. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн жалпы саны 5,2

Россияда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган  медаль чыкты

Россияда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган медаль чыкты

Россияда улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовго арналган уникалдуу эстелик медаль жасалганын "Российская газета" басылмасы кабарлады. Медаль "Дубровин" куюу үйүндө 999-сыноодогу таза күмүштөн жасалган. Медалдын бет тарабында Чыңгыз Айтматовдун профили жана анын белгилүү "Кылым карытар бир күн" романынын аталышы чегилген. 21 нускадан турган алгачкы партиясы