КРда инфляция жылдык мааниде 12%дан ашты
КРда инфляция жылдык мааниде 12.1%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук Банктын маалымат кызматы билдирди.
Регулятордун берген маалыматына таянсак, керектөө бааларынын түптөлгөн динамикасына ар кандай монетардык эмес факторлор өз таасирлерин тийгизүүдө. 2021-жылдын ноябрь айында (19уна карата) инфляция жылдык мааниде 12.1%ды түзгөн.
Жыл башынан бери баалар 9.5%га өскөн. Дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баалардын туруктуу өсүшү, тарифтердин жана жөнгө салынуучу баалардын жогорулашы (коомдук транспортторго жана электр энергиясына тарифтердин жогорулашы), ошондой эле энергия ресурстарынын көтөрүлгөн баалары, дүйнөлүк тенденцияга байланыштуу күйүүчү-майлоочу материалдарынын бааларынын кыйла өсүшү КРда керектөө бааларынын өсүшүн түптөгөн негизги факторлордон болуп эсептелет.
Инфляция улам жогорулаган жана инфляциялык күтүүлөр өскөн шартта, Улуттук банк акча-кредит шарттарын күчөтүү чараларын улантууда. Акча рыногунда кыска мөөнөттүү пайыздык чендер негизги чендин артынан жогорулаган жана пайыздык чектин чегинде калыптанган.