Кыргызстанда бизнести башкаруу боюнча насаатчылык программасы старт алууда

Кыргызстанда бизнести башкаруу боюнча насаатчылык программасы старт алууда

Кыргызстанда “Бизнестеги айымдар” программасына насаатчыларды жана шакирттерди (менти) кабыл алуу мөөнөтү аяктап жатат. Долбоорду Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы “Курак” аялдар форуму менен биргеликте ишке ашырууда.

Программага катышуу үчүн насаатчылык ролго бизнесте кесиптик тажрыйбасы мол айымдар жана эркектер чакырылат, алар өздөрү билген билимдерин ишкер айымдарга өткөрүп берип, баалуу кеңештери менен бөлүшүүсү шартталат.

Ошол эле учурда бизнести эффективдүү башкарууну үйрөтүү үчүн шакирттерди кабыл алуу жүргүзүлөт. Тажрыйбалуу насаатчылар менен кызматташуу аркылуу бизнес ээлери орто жана узак мөөнөттүү келечекте өз бизнесин өнүктүрүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк алышат.

Тандоо жыйынтыгы боюнча ийгиликтүү жана тажрыйбалуу 20-35 бизнестин кесипкөйлөрү 35 шакиртке насаатчы болуп калышат. Алар чогулуп каржылык сабаттуулук, бизнести пландаштыруу, жаңы товар же кызмат көрсөтүүнү иштеп чыгуу, маркетинг, сатууну пландаштыруу жана өндүрүштү өркүндөтүү сыяктуу маселелерди чечмелеп чыгышат.

Насаатчылык программасынын мурдагы этаптарын ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча, алынган тажрыйба жана билимдер шакирттерге Кыргызстанда кошумча жумуш орундарын түзүүгө, бизнесте инновацияларды киргизүүгө, продукциянын жаңы рынокторун ачууга, сатуу көлөмүн көбөйтүүгө, продукциянын ассортиментин кеңейтүүгө жана жалпысынан бизнесинин рентабелдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү 8-декабрь. Жыйынтыгы 15-декабрда жарыяланат. Анкетаны шилтеме аркылуу толтурсаңыз болот: https://msto.me/card1636697185/.


ЕРӨБдүн “Бизнестеги айымдар” программасы, бул – Кыргызстандагы бизнестеги лидер аялдар үчүн комплекстүү каржылык жана техникалык колдоо пакети болуп саналат. Долбоор каржыга жетүүнү жеңилдетүү жана бизнес тармагындагы аялдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Программа кредиттик линияны, коммерциялык банктарды кредиттөөнүн жакшы шарттарын сунуштоого шыктандыруучу тобокелдикти бөлүштүрүүнүн механизмин, ошондой эле бизнесин өнүктүрүүнү каалаган аялдар жетектеген чакан жана орто бизнес үчүн кеңеш берүүнү жана насаатчылыкты сунуштайт.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң