БШКнын имаратынын жанында митинг өтүүдө. Алар кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда

БШКнын имаратынын жанында митинг өтүүдө. Алар кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда

Бүгүн БШКнын имаратынын жанында митинг өтүүдө. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгондор кайра шайлоо өткөрүүнү жана шайлоо босогосун 3%га чейин төмөндөтүүнү талап кылышууда.

Анда «Ата Мекен» партиясынан талапкер Клара Сооронкулова кечээ, 8 партия шайлоону тааныбоо боюнча меморандумга кол койгонун билдирди. 

«Ошондой эле шайлоо босогосун 5%дан 3%га  түшүрүүнү талап кылып жатабыз. Биз өткөн шайлоодо бул үчүн күрөшкөнбүз. Министрлер кабинети жана БШК мүчөлөрү кызматтан кетиши керек. Кол менен эсептөө узакка созулган сайын, ишенбөөчүлүк күчөп жатат. Бийлик маселени чечпей эле, күчөтүп жатат. Азыр аянтта антимитинг уюштуруп жатыптыр. Толтура аскерлерди да алып келип жатышат экен. Бул карама-каршылыкты күчөтөт. Биз меморандумга кол койгон партиялар шайлоо жыйынтыгын тааныбайбыз», – деди Сооронкулова.

Эске сала кетсек, шайлоонун эртеси айрым партиялар кайра шайлоо дайындоо талабы менен митингге чыгышкан. Алар бийликке чечимди жарыялоого эки күн убакыт беришкен болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Быйыл авикаттамдар менен дүйнө жүзүндө 5 млрд адам учкан

Быйыл авикаттамдар менен дүйнө жүзүндө 5 млрд адам учкан

2026-жылы аба каттам жүргүнчүлөрүнүн саны жаңы рекорддук деңгээлге жетип, 5,2 миллиарддан ашат. Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) жаңы баяндамасына ылайык, 2025-жылы дээрлик 5 миллиард адам авиакаттамдар менен учкан. Божомолдорго караганда, келерки жылы тармак өсүшүн улантып, дүйнөлүк жүргүнчүлөр агымы 4,4%га көбөйөт. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн жалпы саны 5,2

Россияда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган  медаль чыкты

Россияда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган медаль чыкты

Россияда улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовго арналган уникалдуу эстелик медаль жасалганын "Российская газета" басылмасы кабарлады. Медаль "Дубровин" куюу үйүндө 999-сыноодогу таза күмүштөн жасалган. Медалдын бет тарабында Чыңгыз Айтматовдун профили жана анын белгилүү "Кылым карытар бир күн" романынын аталышы чегилген. 21 нускадан турган алгачкы партиясы

КУЭТ 370 млн сомго күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга тендер жарыялады

КУЭТ 370 млн сомго күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга тендер жарыялады

"Кыргызстандын Улуттук электр тармагы" ААК (КУЭТ) өз ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга тендер жарыялаганы мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды. Маалыматка ылайык, сатып алуу стандарттык форматта жүргүзүлүп, күйүүчү майды өлкө аймагындагы автоунаа май куюучу жайлардын (АЗС) тармагы аркылуу жеткирүү каралган. Пландалган чыгымдардын жалпы суммасы 370,2

Ысык-Көлдөн 2023-жылдан бери 43 миң тоннадан ашык таштанды алынды

Ысык-Көлдөн 2023-жылдан бери 43 миң тоннадан ашык таштанды алынды

2023-жылдан бери Кыргызстанда Ысык-Көлдөн 43 миң тоннадан ашык таштанды жана 400 километрден ашык балык уулоочу торлор чыгарылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдады. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча ӨКМге караштуу Суучулдар кызмат борборунун суучулдары көлдү тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. "Бул убакыт аралыгында көлдүн түбүнүн бир миллион гектардан ашык аянты текшерилип,