Ипотекалык насыя берүүнүн мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин узартылды
Ипотекалык насыя берүүнүн мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин узартылды. Мындай мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Бул мыйзамдын максаты – жарандарга турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.
Мыйзам менен инвесторлордун/эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен бериле турган ипотекалык кредиттердин шарттары эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салынары каралган. Бул өз кезегинде КРнын ипотекалык турак жай насыясынын шарттарын кыйла жеңилдетет.
Ошондой эле, мыйзам менен ипотекалык насыялоонун мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга узартылат.
Аталган өзгөртүүлөр жер-жерлерде жогорку квалификациялуу эмгек ресурстарын бекемдөө, эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салына турган инвесторлордун/эл аралык донорлордун катышуусу менен иштелип чыккан турак жай программаларынын алкагында турак жайга ээ болуу үчүн шарттарды түзөт.