«Кепилдик фонду» ишкерлерди колдоп, 1 млрд сомго кепилдик берди

«Кепилдик фонду» ишкерлерди колдоп, 1 млрд сомго кепилдик берди

30-ноябрга карата «Кепилдик фонду» ААК 1 млрд сомдон ашык суммага 665 кепилдик берип, рекорддук санды көрсөттү. Бул кепилдиктердин эсебинен өнөктөш банктар 3.5 млрд сомдон ашык кредиттерди беришкен. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылы «Кепилдик фонду» өлкөдөгү кичи жана орто бизнести колдоого 799 млн сомдук кепилдиктерди берип, дээрлик 3 млрд сомго насыя берген.

2019-жылы фонд тарабынан 780 млн сом өлчөмүндө кепилдиктер берилип, анын аркасында ишкерлер 2.5 млрд сомдон ашык суммадагы кредиттик каражаттарды алууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Өткөн жылдардагыдай эле, «Кепилдик фонду» өлкөнүн аймактарынан келген ишкерлерге артыкчылыктуу колдоо көрсөтүп, аларга бардык бекитилген кепилдиктердин 84%ы жөнөтүлмөкчү.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын ноябрында «Кепилдик фонд» ААКтын Башкармалыгы региондордогу ЧОБ өкүлдөрүнө 1.5 млн сомго чейин кредиттерди алуу үчүн кепилдиктерди берүүнүн макулдук лимиттерин жогорулатуу чечимин кабыл алган.

Мындай чечим кепилдиктерди берүү боюнча ишкерлердин арыздарын кароо мөөнөтүн кыскартуу жана жалпы региондордо чакан жана орто бизнеске көрсөтүлүп жаткан колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң