КРгы АКШнын элчилиги шайлоо мыйзамдуу өттү, бирок техникалык мүчүлүштүктөр кетти деген пикирин билдирди

КРгы АКШнын элчилиги шайлоо мыйзамдуу өттү, бирок техникалык мүчүлүштүктөр кетти деген пикирин билдирди

КРгы АКШнын элчилиги шайлоо мыйзамдуу өттү, бирок техникалык мүчүлүштүктөр кетти деген пикирин билдирди.

«Америка Кошмо Штаттары кыргыз элин 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо демократиялык укуктарын ишке ашыргандыгы менен куттуктайт. Биз Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) COVID-19 пандемиясына жана өлкөнүн айрым аймактарындагы кыштын катаал шарттарына карабастан, шайлоону уюшкандыкта өткөрүүдөгү ишин жогору баалайбыз, жана ошол эле учурда, техникалык жана процедуралык мүчүлүштүктөрдү, анын ичинде добуштарды саноодо жана шайлоонун алгачкы этаптарында орун алган кемчиликтерди белгилейбиз.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Демократиялык Институттар жана Адам Укуктары Бюросунун (ДИАУБ) байкоочу миссиясы өзүнүн алдын ала отчетунда шайлоо процесси шайлоочулардын маңыздуу катышуусуна мыйзамдык жана башка тоскоолдуктарга карабастан жалпысынан атаандаштык менен өткөнүн белгиледи. Биз кыргыз бийлигин бардык орун алды делген процедуралык мыйзам бузууларды жана башка кемчиликтерди ачык жана өз убагында иликтеп, тийиштүү чара көрүүгө чакырабыз», – деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле элчилик парламенттин жаңы чакырылышында шайланган өкүлдөрү менен өз ара кызыкчылык туудурган маселелерде, анын ичинде негизги адам укуктарын коргоо, демократиялык институттарды чыңдоо, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү менен аймактык тынчтык жана коопсуздук боюнча кызматташууну чыдамсыздык менен күтөөрүн белгилеген.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң